Тажикстанда бачабаздарды бычуу маселеси талкууланууда

  • 3 года мурун

Тажикстандын балдар акыйкатчысы Ражабмо Хабибуллозода жумушчу топ жашы жете элек балдарга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөндөргө жазаны катаалдаштыруу маселеси талкууланып жатканын билдирди.

Ал бачабаздарды химиялык жол менен бычуу маселеси да каралганын, бирок бул боюнча азырынча чечим кабыл алына элек экенин айтты.

Былтыр декабрда Гиссар шаардык соту 12 жаштагы кызды зордуктаган кишини актаган өкүм чыгаргандан кийин педофилдерди жазалоону күчөтүүнү талап кылгандар көбөйдү. Жарандык активисттер Тажикстан президентине кайрылып, балдарды сексуалдык зомбулуктан коргоого чакырышкан. Кайрылууга 54 уюм кол койгон.

2020-жылы декабрда Гиссар шаардык соту жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган кишини беш жылга эркинен ажыратып, бирок дароо мунапыс менен сот залынан бошоткон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты