​Сейтек Качкынбай: “Бизге премьер-министрлик кызмат кереги жок деп ойлойм” (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө жаңы өкмөттүн курамы, түзүмү, министрликтердин кыскартылышы тууралуу сүйлөшөбүз.

Студиябызда конокто — саясатчы, аналитик Сейтек Качкынбай.

— Биз ушунчалык референдумга барып аткандан кийин, бизге премьер-министрлик кызмат кереги жок деп ойлойм. Себеби, бизде отуз жылдан бери премьер-министрлер күнөөкөр эчкидей курмандыкка чала тургандан болуп калып атат.

Ошондуктан, азыркы жаңы өкмөт деле убактылуу. Жаңы Баш мыйзамдын нормасы боюнча, премьер-министр сунушталбайт деп мен үмүт кылып атам.

Учурда айрым министрлик кызматтарды, агенттиктерди бириктирип, ирилештирүү жүрүп атат. Ушул структуралар Кыргызстандагы жумушсуздук менен коррупция маселесин чечүү максатында биригип атабы же жөн эле структура үчүн реструктуризация болуп атабы деген суроолор бар.

Реформа бул оңой иш эмес. Анын аркасынан көп адамга жаман көрүнөсүң, көп адамдар жумушсуз калат. Бирок, реформаны Садыр мырза кыска мөөнөттүн ичинде жасап жиберсе, анда ишке ашып кетет. Бул жакшы болот. Сектор канчалык кыскарса, коррупциянын азайышына ошончолук мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кененерээк видеодо:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты