​Конституция долбоорунун текстин жарыялоону талап кылабыз! Кайрылуу

Жарандык коом, профессионалдык коомчулук жана медиа сектор өкүлдөрү Президент Садыр Жапаровго, ЖК төрагасы Талант Мамытовго жарандардын Конституция тарабынан кепилденген укуктарын бузган “КР “Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” жана “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” элге каршы келген мыйзам долбоорунун кабыл алынышына жол бербөөгө чакырып, кайрылуу жасашты.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

— Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Акылбек Жапаров, Умбеталы Кыдыралиев жана Бактыбек Турусбеков 2021-жылдын 21-январында КРнын “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” жана “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” аттуу элге каршы келген мыйзам долбоорун демилгелешкен.

Депутаттардын бул мыйзам долбоорун демилгелеши өлкө Конституциясына каршы келбейт, бирок элге каршы келет, себеби Кыргызстан жарандарын өлкө Конституциясынын долбоорун жана мыйзам долбоорлорун талкуулоо укугунан ажыратат. Мындан тышкары, аталган демилге КРнын жаңы Конституциясын жана анын негизиндеги мыйзамдарды жокко чыгарууга шарт түзүүдө.

Мындай көрүнүш буга чейин 2007-жылы орун алып, анда КРнын Конституциялык соту ЖК депутаттарынын кайрылуусу менен Конституцияны аны караштыруу жана кабыл алуу процедураларынын бузулушунун негизинде конституциялык эмес деп тааныган.

Депутаттар кезектеги жолу мыйзамды мыйзам бузуу үчүн колдонууга аракет кылып жатышат. Алар жарандардын укуктары менен эркиндигин атайы чектеп жатышат, буга Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык түздөн-түз тыюу салынат.

Талапкер катары чыгып жатып Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү бардык процесстер бийликтин жалгыз булагы болгон эл алдында ачык-айкын болуш керек деп бир топ жолу билдирген эле. Бул сөзүн ал 10-январда шайлоонун алдын ала жыйынтыктары билингенде дагы бир ирет кайталаган.

“Мурдагы бийликтегилердин катасын кайталабайбыз. Бардыгы ачык болот. Эгер кимдир — бирөө кандайдыр бир маселеге кызыкдар болсо, ачык-айкын эл алдында талкуулаганга даярбыз. Өкмөттүн эшиги дайыма эл үчүн ачык болот… ”деп билдирген Садыр Жапаров.

Конституция бул бийлик жана жарандар ортосундагы коомдук келишим, Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ишинин айкындыгын жана алардын эл алдында болгон жоопкерчилигин камсыздаган документ. Конституция долбоорунун, конституциялык мыйзамдар долбоорлорунун жана башка мыйзам долбоорлорунун каралуусу сөзсүз түрдө коомдук угуулар, бардык жарадардын катышуусундагы көз карандысыз ММКлардын кеңири талкуусунан өтүшү керек.

Ченемдик — укуктук актынын ар бир долбоору, анын ичинде Конституция дагы, жөндөөчү таасири талданып, коррупцияга каршы, укук коргоочу, укуктук, гендердик жана башка түрдөгү экспертизалардан милдеттүү түрдө өтүшү керек. Экспертизалардын ар бир түрү ченемдик укуктук акт долбоорунун кабыл алынышындагы кесепеттердин баалоосун камтышы абзел.

Бул процедуралардын бузулушу коррупцияга жана бийликтен кыянаттык менен колдонуу учурларына жана бийликтин кезектеги алмашуусуна өбөлгө түзгөн “чийки” мыйзамдардын кабыл алынышына алып келген жана алып келип жатат.

Президент Жапаров “7-канал” ТВ-компаниясына берген маегинде өзүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы шайлоо алдындагы убадаларында коомдук угуулардын маанилүүлүгү жана керектиги туурасында билдирген:

-Элдин талкуусуна койгула. Элден сунуш түшсө, алардын баарын кабыл алгыла. Эгерде мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келбесе деп жатабыз, -деген.

Жарандык коом, профессионалдык коомчулук жана медиа сектор өкүлдөрү Президент С. Жапаровду, ЖК төрагасын жана Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги коррупциялык коркунучтарды туудурган жана мыйзамдарды лоббирлөөгө мүмкүнчүлүк берген, жарандардын Конституция тарабынан кепилденген укуктарын бузган “КРнын “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” жана “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” элге каршы келген мыйзам долбоорунун кабыл алынышына жол бербөөгө чакырышат.

Конституция долбоору мыйзам тарабынан орнотулган мөөнөттөр жана процедуралар чегинде коомдук талкуудан өтүшү керек. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири жана Конституциялык кеңештин мүчөсү Акылбек Жапаров 2021-жылдын 2-февралында ММКларга коомдук угуулар өтүп кетти, ал эми “референдум жөнүндөгү мыйзам парламентке да, жарандарга да референдум жөнүндө мыйзамдын тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүк бербейт, ал эми Конституция долбоору мыйзамга тиркеме болот” деп билдирген. Бул жарандарды атайы адаштыруу болуп саналат.

2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн референдумда келген шайлоочулардын көпчүлүгү башкаруунун президентик формасына добуш беришкен. Бирок референдумда жарандар Кыргызстанда көргүсү келген башкаруунун президенттик формасынын белгилүү бир модели туурасында маселе каралган эмес. Дүйнөлүк тажрыйбада башкаруунун президенттик формасын ишке ашыруунун ондогон түрү кездешет. Мындан тышкары, Кыргызстандын өзүнүн тарыхында көптөгөн түрү кездешкен, буга мисал катары Конституцияга 1994, 1996, 1998, 2001, 2003, 2006, 2007-жылдары киргизилген көп сандагы өзгөртүүлөрдү алууга болот.

Так ошондуктан илимий жана коомдук ишмерлер тобу тарабынан КР Жогорку Кеңешине берилген Конституция долбоору массалык маалымат каражаттарында жана КРнын ЖК сайтында жарыяланышы зарыл. Бийликтин жалгыз булагы болгон Кыргызстан элине өлкөнүн башкы мыйзамынын долбоорунун бардык пункттары боюнча өз пикирин айтуу укугу берилиши керек.

Конституция долбоорунун кеңири коомдук талкуусу аркылуу гана Кыргызстан эли Кыргыз Республикасында башкаруунун президенттик формасынын кайсы түрү ишке ашышы керектиги туурасында билдире алмакчы. Жарандык коом уюмдары, жергиликтүү жана этникалык коомчулуктар лидерлери, аялдар жана жаштар уюмдары, профессионалдык коомчулуктар, укук коргоочулар, бизнес биримдиктер менен болгон кеңири кеңешүү жаңы Конституциянын кабыл алынышын мыйзамдаштырмакчы. Бул процесс ошондой эле Конституцияны кабыл алуунун аркасынан мыйзамдарды кийинки өзгөртүүсүн талкууга алууга мүмкүнчүлүк берет.

Коомдук жана парламенттик угууларды өткөрүүнү жана референдумда элдин тандоосуна чыгарыла турган Конституция долбоорунун текстин жарыялоону талап кылабыз.

«Көз карандысыз журналисттер бирлиги»

Кыргызстандын юристтер коомчулугу

«Гражданская инициатива интернет политики» КБ

«Женская Демократическая сеть» КБ

«Жарандык платформа» Коомдук бирикмеси (КБ)

«Жалпы иш”- Общее дело» КБ

«Жарандык демилгелер» КБ

“Медиа өнүктүрүү” КБ

ОЮЛ «Смарт Жаран»

«Журналисттер» коомдук бирикмеси

«Институт Общественного Анализа» КБ

ОО «Сельская жизнь» ,ЫсыкңКөл облусу.

ОО «Мастерская онкопациентов «Вместе ради жизни»

МЦ «Интербилим»,

«Центр регионалистики и развития»

«Центр анализа государственной политики»

«Жарандык көзөмөл комитети”

«Школа пациентов национального центра онкологии»

Factchek.kg, Темиров Болот

Temirov.live

Редакция «Elgezit.kg»

Сайт «Pr.kg»

ТV1KG

Next.TV

«ПолитКлиника»

«Новые лица»

«Говори ТВ»

Politmer.kg

«Vesti.kg»

«Кактус медиа»

Жумабаев Авланбек, медиаэксперт

Валиева Тамара, медиаэксперт

Токоев Марат, медиаэксперт

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты