​Равшан Жээнбеков: Өкмөт эч кандай роль ойнобойт. Бардыгы Президентке байланыштуу болот (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө жаңы өкмөт, анын түзүмү, курамы жана учурдагы саясий кырдаал тууралуу сөз кылабыз. Студияда мейманда – Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков.

-Мурда алсыз Президент болуп келип, азыр эле күчтүү президенттик бийлик курабыз деген элес калып жаткан менен, бизде, адатта тарыхта, бийликтин бардыгын — өкмөттү, Жогорку Кеңешти, жергиликтүү бийликти, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин бардыгын Президент чечип келген. Азыр дагы ошондой система иштеп жатат.

Ошондуктан мен өкмөттүн курамынан, программасынан, өкмөткө келип жаткан адамдардан чоң эч нерсе күтпөйм. Бардык нерсе Президентке байланыштуу болот. Өкмөт эч кандай роль ойнобойт. Алтын баштуу министр келсе дагы, ал эч нерсе чече албайт. Бардыгы Президентке барып такалат, президенттик бийлик бардык маселелерди чечет.

Өкмөттү кандай кыскартып, кандай кылып бири-биринен ажыратып жатат, бири-бирине бириктирип жатат, бул жалпысынан маанилүү эмес. Анткени структуралык өзгөртүү, мамлекеттик структураларды бирин жоюп, экинчисин түзүп же бири-бирине бириктирүү бул көп деле жыйынтык бербейт.

Мамлекетте жыйынтык бере турган нерсе, бул Президенттин эффективдүүлүгү, көз карашы, коомдун, массалык маалымат каражаттарынын алдында ачык болушу, демократиялык баалуулуктарды колдошу. Эгерде ушуга окшогон нерселер болбой турган болсо, анда мамлекетте министрликтерди ажыратып, бири-бирине кийиштирген менен, мамлекетте эч кандай өзгөрүү болбойт.

Реформа бул бир эле структуралык реформа эмес. Бизде 30 жыл ичинде Президенттер реформа деп структуралык гана өзгөртүүлөрдү жасап келген. Ал эми структуралык өзгөртүү бизде ийгиликке алып келе албайт.

Реформа деген үч багыттан турат: Биринчиси структуралык, экинчиси маданий жана үчүнчүсү саясий реформа. Эгерде биз маданий жана саясий реформаларды жасабай туруп, структуралык гана өзгөртүүлөрдү жасап келсек,ал мамлекетке ийгилик бербейт, ал убактылуу гана элди алаксытып, элге реформа жасап жатабыз деген көз карашты айтышы мүмкүн, бирок жыйынтыгында өзгөртүүлөргө алып келе албайт. Мурдагы Президенттердин дээрлик бардыгы структуралык гана реформаларды жасаган, ошон үчүн алардын саясаты ийгиликке алып келген жок, алардын тарыхы, тагдыры оор болуп калды.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты