“Токмоктук граф” Алижан Ибрагимовдун сөөгү Токмок шаарында жерге берилди (Видео)

“Токмоктук граф” каймана аты менен таанымал миллиардер Алижан Ибрагимовдун сөөгү Кыргызстанда, Токмок шаарында жерге берилди.

Анын аза күтүү тажиясына Өмүрбек Бабанов, Максат Сабиров, Канат Исаев, Иса Өмүркулов, Чүй облусунун губернатору Мирбек Мияров, Талант Исаев, казакстандык олигарх Александр Машкевич жана башка казакстандык бизнесмендер катышканы айтылды.

Айтылуу бизнесмен, “Токмоктук граф”, миллиардер Алижан Ибрагимов Казакстанда жашап, ал жактан ооруп, Бельгияда дарылануу убагында каза тапкан.

Ибрагимов Казакстандын бизнесмендеринин алдыңкы беш тизмесине киргендерден эле. Forbes.kz маалыматы боюнча, Алижан Ибрагимовдун байлыгы 900 миллион долларга бааланган.

Алижан Ибрагимов “Евразия банкы” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы, Eurasian Natural Resources Corporation PLS (ENRC), Eurasian Resources Group (ERG) ( 2001-ж) ээсинин бири, “Казхром” трансулуттук компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы, “Евразия финансы компаниясынын” директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Ибрагимов Кыргызстандын Токмок шаарында өсүп-жетилген адам катары токмоктуктарга материалдык жардам берип келгендиги айтылчу.

Алижан Ибрагимов Бельгияда каза тапты, анын сөөгү Кыргызстанга, Токмок шаарына коюлары айтылды.

Алижан Ибрагимов Өзбекстандын Фергана облусунун Маргелан шаарында туулган. Жубайы Мукадас Ибрагимова жана уулдары Достан, Даврон, Шухрат, Фурхат.

Видео:Токмок Инфо.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты