​Коронавирусту “плазма” менен дарылоо эффективдүү экени далилденген эмес (Фактчекинг)

Twitter социалдык тармагында, Керим аттуу интернет колдонуучу “Covid 19 менен ооруп айыккандар, кан плазмасын медициналык мекемелерде 3 жылга чейин сактаса болорун жазып чыккан. Ал, сакталган плазмадагы антителолор көп убакытка чейин бузулбай, эгер адам коронавирус менен кайра ооруп калса, айыгуу үчүн колдоно алаарын билдирген.

ПолитКлиника медиасы Твиттерде айтылган маалыматты текшерип көрдү.

Кан плазмасы менен дарылоо же “Үмүтсүздүк терапиясы”

COVID-19 оорусуна чалдыккан адамдардын канында, оорудан коргой турган табигый коргоочу антитело пайда болуп, алар кандын “плазма” деп аталган бөлүгүндө кездешет. Кандын плазмасын сактоо жана аны колдонуу сунуштамасында, аталган метод “критикалык” учурларда гана колдонулаары белгиленген.

Ал эми, дүйнө жүзүндө анын ичинде Кыргызстанда да Covid 19 илдети күчөп турган мезгилде, “плазма” менен даарылоого уруксат берилген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 18-июнда кабыл алган №422-буйругуна ылайык, “коронавирустун оор жана өтө оор түрү менен жабыркагандарга, 15 миллиграмга чейин “плазма” куюуга жол берилген.

Пандемия башталгандан бери, “плазма куюу” жолу менен канча киши даарыланганы жөнүндө маалымат алуу үчүн Саламаттык Сактоо министрлигине байланышып сураганыбызда, бул тууралуу так статистика жок экенин, бирок бул “метод” жаңы жобого бекитилгенин ырасташты.

Ал эми, кээ бир Фейсбук колдоонуучулар Covid 19 пандемиясы учурунда “плазма” менен даарылоо Кыргызстанда колдонулганын белгилешкен.

Бирок, билдирүү калтырган адамдар, бул тууралуу интервью берүүдөн баш тартышты.

“Плазма куюу менен дарылоо жетиштүү деңгээлде изилдене элек”

24-августта, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өткөргөн конференцияда коронавируска чалдыккан адамдарды “плазма” менен дарылоо кооптуу жана жакшы изилдене элек метод экени айтылган.

ДССУнун башкы илимий адиси Сумия Свиматан:

“Белгилүү бир оорудан айыккан адамдардын плазмасы менен ооруган адамдарды дарылоо, өткөн кылымдарда ар кандай окуу жетишкендиктери менен кеңири колдонулуп келген. Бирок, уюм дагы деле болсо бул ыкманы эксперименталдык деп эсептейт жана анын изилдөө ишин улантуу керек. Себеби, биринчиден дарылоону стандартташтыруу кыйын, экинчиден адамдар ар кандай деңгээлдеги антителолорду өндүрүшөт жана плазманы өз өзүнчө чогултуу керек”, — деп айткан.

Ошондой эле, ДССУнун башкы директорунун кеңешчиси Брюс Айлворд плазма менен дарылоонун жеңил ысытмадан баштап, оор кесепеттерге чейинки көптөгөн терс таасирлери болушу мүмкүн экенин кошумчалаган.

Американын Тамак-аш жана дары-дармек менен камсыз кылуу департаменти да, “плазма” менен дарылоо күмөндүү жана изиденбеген метод экенин белгилешкен. Аталган департамент жүргүзгөн мониторинг боюнча, “плазма” куюу учурунда кан аркылуу ВИЧ, гепатит сыяктуу ооруулар жугуп калуу ыктымалдуулугу бар экени, бул өзгөчө кош-бойлуулар менен балдарга кооптуу болоору көрсөтүлгөн.

Бул методдун, эффективдүүлүгүн текшерүү үчүн бир канча өлкөлөрдө эксперименттер жүргүзүлгөн. British Medical Journal журналында жарыяланган изилдөөдө, окумуштуулар апрель жана июль айларынын аралыгында Индиядагы ооруканаларга түшкөн орточо 52 жаш курагындагы 464 бейтаптын медициналык карталарын изилдеп, аларды эки топко бөлүшкөн. Изилдөөчүлөр, 229 адамдан турган биринчи топтогу катышуучуларга кадимкидей стандарттагы медициналык жардам көрсөтүшүп, ал эми 235 адамдан турган экинчи топтогу катышуучуларга ооруп айыккан адамдын плазмасынан эки жолу куюшкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында, топтордогу өлүмдөрдүн саны жана бейтаптардын абалы эки группада тең бирдей жыйынтык көрсөткөн. Изилдөөнүн соңунда окумуштуулар плазма менен дарылоо “эффективсиз” деген жыйынтыкка келишкен.

“Плазма мутацияланган коронавирустук штамптардан коргой албайт”

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун “канды сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу” жөнүндөгү көрсөтмөсүндө, кандан бөлүнүп алынган плазманы сактоо жолдору жана убактысы көрсөтүлгөн. Ага ылайык, “плазманы” температуранын төмөндүгүнө жараша 3 айдан 7 жылга чейин сактоого болоору белгиленген. Изилдөө уюмдарынын айтымында, “плазманын” көп убакытка чейин сакталуусу, тоңдурулган убакыттан баштап курамындагы антителолордун жок болбоосу, коронавирус менен күрөшүүдө эффективдүү метод катары эсептелишине шарт түзгөн.

Анын бир себеби катары, Covid 19 илдети менен ооруп айыккан адамдардын канындагы антителолордун санынын убакыттын өтүшү менен төмөндөшү болгон.

Алсак, 27-октябрда, Лондон Империал Колледжи тарабынан жарыяланган изилдөөгө ылайык, коронавирус менен ооруп айыккан адамдардын канындагы антителолордун саны убакыттын өтүшү менен төмөндөгөн.

365 миң адам катышкан бул изилдөөдө, антителлолордун эң жогорку көрсөткүчү, Covid-19 илдетинен айыккандан кийинки 3-жумада жогорку чекке жеткен. Бирок, 3 айдан кийин, канында коронавирустан коргоочу компоненти бар адамдардын саны 26,5 пайызга кыскарып, кээ бирлеринде таптакыр жоголуп кеткен. Бул көрсөткүч эң көп 75 жаштан жогорку адамдарда жана коронавирус менен симптому жок ооругандарда кездешкен.

The New England Journal of Medicine журналында жарыяланган башка бир изилдөөдө, Исландиядагы изилдөөчүлөр COVID-19дан айыгып, антивирустук антителолорго оң натыйжа берген 1107 адамды изилдешкен.

Изилдөөнүн жүрүшүндө, Covid 19 дан айыккан адамдардын организминдеги антителолордун саны бир кыйла төмөндөгөнү байкалган. Натыйжада, авторлор ушундай ылдамдыкта төмөндөгөн иммундук коргоочу компоненттер бир жылдын ичинде организмден толугу менен жоголуп кетиши мүмкүн деген тыянакка келишкен.

Бирок, Невада университетинин изилдөөчүсү Марк Пандори , коронавирус илдетинин жаңы штаммдарынын чыгышы жана мутацияланышы организмде кайра жаңы антителлолордун пайда болушуна алып келет деген. Башкача айтканда, “коронавирус илдетинин мурдагы формасы менен ооруп айыккан күндө деле, эгер Covıd 19дун жаңы штаммдары менен ооруп калганда эски антителлолор вирус менен күрөшө албайт”, — деген жыйынтыкка келген.

Белгилей кетсек, коронавирус илдетинин жаңы мутацияланган штаммы 2020-жылы декакбрь айында Улуу Британияда табылган.

Жыйынтык: Коронавирусту “плазма” куюу жолу менен даарылоо эффектифсиз экени далилденген. Мындан сырткары, коронавирустун жаңы мутацияланган түрлөрүнө каршы да натыйжасыздыгы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты