Жогорку Кеңеште өкмөттүн программасы, жаңы түзүмү, курамы талкууда

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн, 3-февралда, премьер-министрдин кызматына талапкер Улукбек Марипов сунуш кылган өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы талкууланып жатат.

Марипов өз сөзүндө өкмөттүн курамы 48ден 16га кыскарганын билдирди. Мындагы максат башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айтты. Энергетика тармагын толугу менен реформалоо зарыл.

Талкуу учурунда өкмөтттүн жаңы түзүлө турган курамына нааразылыктар болуп жатканын депутат Жанар Акаев билдирди. Депутат Рыскелди Момбеков энергетика министрине сунушталып жаткан талапкерге нааразы болуп, Ширшовдун адамы, кадамы келе жатканына нааразылыгын айтты. Ошондой эле транспорт министрлигине жолчу табылганын, жол салбай эле кол салып жатышканын кошумчалады.

2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты