Бекешев: Конституция долбоору коомдук талкууга коюлушу керек

Конституция долбоору Жогорку Кеңешке берилди деген маалымат бар, бирок депутаттар долбоорду көрө элек.

Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

-Жогорку Кеңешке долбоорр келип түштү деп уктук. Бирок биз аны көрө жлекпиз, окуй элекпиз. Биз аны менен качан таанышабыз? Жалпыга маалымдоо каражаттарынан гана окуп жатабыз. Конституция долбоору депутаттарга берилиши керек. Ар бир мыйзам коомдук талкууга коюлушу кере. Конституция долбоору да талкууга коюлушу керек -деп билдирди депутат Бекешев 3-январдагы Жогорку Кеңеш жыйынында.

Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытов Конституция долбоору депутатарга жакын арада таратылып берилерин айтты.

Конституция долбоору 17-октябрда талкууга коюлары менен коомчулуктун сын -пикирине кабылган.

2020-жылы 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуудан жана коомдук ишмерден турган Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлгөн.

10-январда Кыргызстанда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. Президенттик республиканы колдогондордун саны — 1 136 155 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 81,49 пайызы болуп эсептелет.

Конституциянын бул долбоору боюнча президенттик бийлик күчөтүлүп, курултай киргизилип, Жогорку Кеңеш бир мандаттуу жана партиялык системаларга ылайык депутаттардын саны байкалаарлык кыскарат.

Жакын арада Конституция долбоору Жогорку Кеңешке берилгенин конституциялык кеңешменин мүчөлөрү билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты