​Өкмөттүн жаңы курамы кандай болот?

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды. Мариповдун жетекчилигиндеги өкмөттүн болжолдуу курамы мындай болот деп ЖМК ички булактарга таянып билдирүүдө.

Премьер-министр-Улукбек Марипов;

Биринчи вице-премьер-министр – Артем Новиков;

Коргоо министри – Таалайбек Өмүралиев;

Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев:

Айыл чарба министри – Аскар Жаныбеков;

Энергетика жана өнөр жай министри – Кубанычбек Турдубаев;

Ички иштер министри – Улан Ниязбеков;

Өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев;

Юстиция министри – Асел Чынбаева;

Маданият, маалымат жана туризм министри – Кайрат Иманалиев;

Билим берүү жана илим министри – Алмазбек Бейшеналиев;

Экономика жана каржы министри – Улукбек Карымшаков;

Саламаттык сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;

УКМК төрагасы – Камчыбек Ташиев.

Президенттин алдындагы инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттигинин башчысы — Алмамбет Шыкмаматов.

Улукбек Марипов өкмөттүн курамы абдан чачыранды деп айтты. Бир топ вице-премьерлер, өкмөт мүчөсү, вице-премьер-министрлер, агенттиктер, фонддор — 22 өкмөт мүчөсүнөн 16 өкмөт мүчөсү калат деди.

Буга чейинки 48 мамлекеттик структура 16 га түшкөнү, ар бир тармак боюнча вице-премьерлер болбой турганы айтылууда. .

Бүгүн, 1-февралда, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты