Кубанычбек Жумалиевдин жакындары кармалды

  • 3 года мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызмат (финансы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге жана башка адамдарга карата чет өлкөлүк инвестордун арызы боюнча ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Бул тууралуу финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Жогорку Кеңеш депутаты Кубанычбек Жумалиев жана башка адамдар чет өлкөлүк кишинин ишенимине кирип, 200 миң АКШ долларын гана төлөп, 1 миллион АКШ доллар турган жабдууларды алышкандыгы айтылат.

Бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында чет өлкөлүк М.Г.БВ компаниясына — Германиянын жараны Б.Ф. га800 миң АКШ доллары суммасында өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

28-январда жазык кодексинин 98-беренесине ылайык, кылмышка шектүү деп, “А.Ю.К.” ЖЧК директору М.С.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 29-январда “С.К.” ЖЧК директору Ж.Э.С. кармалды.

29-январда Жумалиевдердин үй-бүлөсүнө таандык университеттин аймагында жайгашкан бул фирмалардын кеңселеринде издөө иштери жүргүзүлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

ЖМКда аталган кармалган жарандар Кубанычбек Жумалиевдин уулдары экени айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты