​Covid-19 конъюнктивитти козгойт жана вирустук бөлүкчөлөр көздөн жаш агызат (Фактчекинг)

Коронавирустун айынан аллергиялык конъюнктивит өөрчүп же көзгө байланыштуу башка оорулар пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Николай Пирогов атындагы улуттук медициналык-хирургиялык борборунун доценти, офтальмолог Ирина Лещенко Sputnik радиосунун эфиринде айтып берген.

Адистин пикиринде, коронавирус башка органдар сыяктуу эле көзгө дагы терс таасирин тийгизет. Бирок ал дароо эле билине калбай, убакыт өткөндөн кийин чыгышы мүмкүн.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Covid-19 вирустук конъюнктивитти өрчүтүшү мүмкүн

Covid-19 конъюнктивитти козгойт жана вирустук бөлүкчөлөр көздөн жаш агызат. Бул тууралуу офтальмологдордун Королдук Колледжи жана Оптометристтер Колледжи билдирген.

Жогорку дем алуу жолдорунун кандай гана инфекциясы болбосун, вирустук конъюнктивитти өрчүтүшү мүмкүн. Мисалы, суук тийип же тумоолоп калган учурда анын белгилери көздүн чел кабыгына таасир берип, конъюнктивитти пайда кылышы мүмкүн.

Конъюнктивит — микробдун, вирустун, физикалык жана химиялык факторлордун таасиринен пайда болот. Кээде оору көзгө ультра кызгылт-көк нурдун, электр тогунун кескин таасири, организмдин медициналык дары-дармектерге, химиялык заттарга өтө сезгичтиги, ошондой эле көздүн өтө муздашы же ысышы, көзгө күч келтирип караңгы бөлмөдө иштөө, жакындан начар көрүүгө түрткү болот.

Конъюнктивит Covid-19 дун сейрек кездешүүчү белгилеринин бири

COVID-19 ар кандай адамдарга ар кандай таасир этет. Вирусту жуктуруп алгандардын көпчүлүгү жеңил жана орто ооруларга чалдыгып, ооруканага жатпай эле айыгып кетишет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, конъюнктивит коронавирустун сейрек кездешүүчү белгилеринин бири.

Окумуштуулар Covid-19 көзгө кандай таасир берерин аныкташкан

Америка Офтальмология Академиясынын маалыматы боюнча, коронавирус кызгылт көз деп аталган конъюнктивитке алып келиши мүмкүн деген божомолдор бар. Бирок, көздөгү клиникалык көрсөткүчтөрү ар кандай болушу мүмкүн.

Оксфорд университетинин көз эксперти, профессор Роберт Макларендин айтымында, коронавирус эпидемиясы башталган Кытайдын Ухань шаарында жакында жүргүзүлгөн изилдөөдө көздүн шишип, жабышып калуусу сыяктуу бир катар көйгөйлөр баса белгиленген.

«Жогоруда айтылган белгилердин бири көздүн көрүүсүнө таасирин тийгизиши мүмкүн жана жабыркаган бейтаптарга көздүн көрүүсү начарлап же кош көрүү болуп калышы мүмкүн«, — дейт Роберт Макларен.

Англиянын Рускин атындагы университетинин изилдөөчүлөрү Covid-19 диагнозу тастыкталган адамдардан, алардын ооруган жана айыккандагы учурун салыштырып анкета толтуруп берүүнү суранышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, катышуучулардын 16%ы Covid-19 оорусу менен ооруганда, көздүн оорусу байкалганын билдиришкен. Ал эми 5%ы гана көз оорусуна чалдыкканын айтышкан.

Изилдөөгө катышкан 83 респонденттин 81%, COVID-19 башка белгилери пайда болгондон кийин эки жуманын ичинде көз оорулары жөнүндө билдиришкен.

Бул изилдөө боюнча, университеттин Көрүү жана Көз Изилдөө Институтунун Директору, башкы жазуучу профессор Шахина Пардан:

«Бул COVID-19га байланыштуу конъюнктивитти көрсөтүүчү көздүн ар кандай симптомдорун иликтеген биринчи изилдөө. Көздүн ооруганын COVID-19 дун симптомдорунун тизмесине киргизилгени маанилүү. Бирок, ооруган көздөн коньюнктивиттин белгилери байкалган учурда гана”, — деп билдирген.

Көздүн жабыркашы вирустун өзүнөн эмес, кычкылтектин жетишсиздигинен болушу мүмкүн

Жакында JAMA Ophthalmology изилдөө жүргүзүп, COVID-19 менен ооруканага жаткырылган бейтаптардын үчтөн биринде көздүн аномалиялары бар деп билдирген. Айрым COVID-19 менен ооруган адамдарда конъюнктивиттин белгилери сакталып кала берет.

Конъюнктивиттин COVID-19 менен байланышы бар экендигине карабастан, учурда COVID-19 дан кийин көздүн туруктуу жабыркашы байкала элек. Эгерде пациент узак убакыт бою респиратордук кыйынчылыкка дуушар болгон болсо, анда теориялык жактан начар перфузия жана кычкылтектин жетишсиздиги метаболикалык активдүү ткандарга, оптикалык нервге зыян келтириши мүмкүн. Мындай учурда көздүн жабыркашы вирустун өзүнөн эмес, кычкылтектин жетишсиздигинен болушу мүмкүн.

Жыйынтык: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, көз ооруларынын бири — конъюнктивит коронавирустун сейрек кездешүүчү белгилеринин бири. Covid-19 конъюнктивитти козгойт жана вирустук бөлүкчөлөр көздөн жаш агызат. Covid-19 менен ооруп айыккандан кийин көздүн жабыркашы вирустун өзүнөн эмес, кычкылтектин жетишсиздигинен болушу мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты