​Рамис Рыскулов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз эл акыны Рамис Рыскуловдун сөөгү өзү жашаган үйдөн чыгарылып, Ала- Арча көрүстөнүнө коюлду.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Туу айылында туулган.

Рамис Рыскуловдун 14 жашында жазган «Айтабыз алкыш атага» деген ыры «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланган жана «Эки энем» аттуу ырына обон чыгарылган. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен жарык көргөн. Ал ошондой эле «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» аттуу жыйнактардын автору. 1950-жылдардын ортосунда кыргыз поэзиясынын тематикалык мазмунун жаңылоо, кеңейтүү багытында демилге көтөргөн да Рамис Рыскулов болгон.

Ал кыргыз адабиятында биринчилерден болуп кыргыз поэзиясын жаңы ыргак, уйкаштык формалар, жаңыча саптар менен байытып, кыргыз поэзиясында ак ырдын тамыр алышына өтө орчундуу эмгек сиңирди.

Акын А. Пушкиндин, Н. Некрасовдун, С. Михалковдун, С. Есениндин, В. Маяковскийдин, А. Вознесенскийдин жана Х. Алимжановдун ырларын кыргызча которгон.

Рамис Рыскулов ыр гана жазбастан сүрөтчүлүк өнөрү менен да таанымал. 1987-жылы ал тарткан «Иисустун өнүгүүсү» жана «Жылмаюу» деген сүрөттөр Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө коюлган. Ал ошондой эле Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалына катышып, диплом алган жана фестивалдын лауреаты болгон.

1986-жылы поэзиядагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз маданиятына жана адабиятына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994), Кыргыз Республикасынын эл акыны (1995) деген ардак наамдар ыйгарылган.

2017-жылдын 12-декабрында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Жусуп Баласагын атындагы медалы менен сыйлаган.

2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын маданий өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» деген наам берилген.

Кыргызстан эли, маданий коомчулугу жана интеллигенциясы Рамис Рыскуловдун жаркын элесин түбөлүккө эсинде сактайт, ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты