​Садыр Жапаровдун инаугурациясына качкын экс-премьер-министр Данияр Үсөнов келдиби? (Фактчекинг)

28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти Садыр Жапаровдун ант берүү аземи болуп өттү. Аталган иш чарага миңден ашуун киши чакырылган. Социалдык тармактарда, Абдышев Бакыт аттуу Фейсбук колдонуучу инаугурацияга чакырылгандардын арасында Кыргызстандын бозгундагы премьер-министри Данияр Үсөнов да бар экенин жазып чыккан.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.















Данияр Үсөнов деген ким?

Данияр Үсөнов, Курманбек Бакиев Президент болуп турган кезде анын администрациясын жетектеп келип, 2009-жылдын январь айынан тарта өкмөт башчы болгон. Ал, 2010-жылы апрелде элдик толкундоолордун натыйжасында бийлик алмашкандан кийин өлкөдөн качып кеткен.

Кийин, Данияр Үсөновго 80 адам набыт болгон төңкөрүш күнү каршылыкка чыккандарды массалык атуу жана Бишкек мэри болуп турган кезде ыйгарым укуктарынан пайдаланууда аша чапкандыгы боюнча айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Данияр Үсөнов же Даниил Урицкий

Данияр Үсөнов Кыргызстандан качып кеткен соң, 2018-жылы Беларус басылмаларында Даниил Урицкий деген ат менен чыга баштаган. Беларусиянын “tut.by” басылмасында, Даниил Урицкий “Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясынын” жетекчиси катары тааныштырылып, сүрөтү жарыяланган.

Аталган иш чарага катышкан regnum.ru басылмасы “Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясынын” жетекчиси Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин адамы жана соттолгон премьер-министр Данияр Үсөнов деп жазып чыккан.

Ошондой эле, Белоруссиянын Президенти Александр Лукашенко биотехникалык корпорациянын иши менен таанышуу учурунда, Даниил Урицкийге “Данияр” деп кайрылган видеосу жарыяланган.

Буга байланыштуу, Кыргыз өкмөтү Беларуссияга атын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган мурдагы премьер министр Данияр Үсөновду экстрадациялоо боюнча өтүнүч кат жиберишкен. Биринчи өтүнүч кат, 2017-жылдын 14-декабрында жөнөтүлгөн. Бирок 2018-жылдын 6-мартында Белоруссия укуктук жардам жана жарандык мамилелер боюнча КМШ өлкөлөрүнүн Конвенциясынын 21-беренесине таянып, Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчүн четке каккан.

Ошол эле жылдын 5-апрелинде Кыргызстан тараптан Данияр Үсөновду өткөрүп берүү боюнча дагы бир өтүнүч жөнөтүлгөн. Бирок Белоруссиянын прокуратурасы “саясий куугунтуктан улам болуп жатат деп эсептөөгө кескин негиз бар” деген жүйөө менен Кыргызстандын экинчи өтүнүчүн да четке каккан.

“Данияр Үсөнов инаугурацияга чакырылган эмес”

Акипресс маалымат агенттиги Садыр Жапаровдун ант берүү аземине чакырылган саясатчылардын тизмесин жарыялаган.

Аталган тизмеде, Даниил Урицкий же Данияр Үсөнов деген ысым жазылган эмес.

Бул маселени тактоо үчүн, Кыргыз Республикасынын президентинин пресс катчысы Галина Байтерекке байланышып сурап көргөнүбүздө: “Жок, инаугурацияга Данияр Үсөнов чакырылган эмес. Бул жалган маалымат”, -деп билдирди.

Жыйынтык: Бул маалымат жалган. Анткени, сүрөт алыстан тартылган жана андагы инсандын жүзү так көрүнгөн эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты