Жапаровдун алгачкы жарлыгы эмне тууралуу болот?

  • 3 года мурун

Садыр Жапаров бүгүнкү, 28-январдагы, ант берүү аземинен кийинки сөзүндө алгачкы жарлыктары эмне тууралуу болоруна токтолду.

-Отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызыбызды толук төлөө милдети да менин багыма — президенттигим башталган мезгилге туш келди.

Ал ортодо, коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом (1,5 млрд доллар) карызы бар экен.

Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолоору айкын.

Ошондуктан, менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат.

Ал чараларды жүзөгө ашырууда эрки күчтүү элибиздин дем-күчү, колдоосу кубат берет деп терең ишенем, — деди Жапаров.

Бүгүн, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өтүп, ал президенттик кызматка киришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты