Садыр Жапаров: Президенттик башкаруу — калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү

  • 3 года мурун

Садыр Жапаров ант берүү аземинен кийинки сөзүндө Президенттик башкаруу формасы тууралуу буларды айтып кетти:

— Президенттик башкаруу — адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт.

Тар, өзүмчүл кызыкчылыгы үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет жасаган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келээрин, аягы эмне менен бүтөөрүн жакшы билебиз.

Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү.

Ошону менен бирге, президенттик башкаруу — өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий-экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдү, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу структуралардан иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет.

Биздин максат — мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду куруу.

Алдыдагы конституциялык реформа ушул максаттарга багытталган, деди Жапаров.

Бүгүн, Токтогул Сатылганов атындагы фиоармонияда Садыр Жапаров ант берип, президенттик кызматка киришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты