​Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов дүйнөдөн өттү

  • 3 года мурун

26-январда 87 жаш курагында Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун басма сөз кызматы билдирди.

Айтылуу акын, котормочу, сүрөтчү Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Москва районундагы Кызыл-Туу айылында туулган. Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын, Москвадагы Горький атындагы адабият институтун, ВЛКСМ БКнын алдындагы Жогорку комсомолдук мектепти аяктаган.

“Кыргызстан пионери”, “Ленинчил жаш” гезиттеринде, “Ала Тоо” журналында иштеген.

1959-жылы анын “Жаз” аттуу пэтикалык жыйнагы жарык көргөн. Ошондой эл “Даңкан”, “Шаттуу ырлар”, “Дилбар”, “Поклон земле” “Даңкан”, “Күлкү чачам”, “Жаштык шаары”, “Эки жөжө”, «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» ыр китептеринин автору.

Рамис Рыскулов Пушкиндин, Маяковскийдин, Некрасовдун, Вознесенскийдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1986-жылы «Ырлар» жыйнагы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1959-жылдан СССР Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын эл акыны” ардак наамдары берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты