​Жогорку Кеңештин регламентин өзгөртүү мыйзамсызбы? Фактчекинг

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Бактыбек Турусбеков и Умбеталы Кыдыралиев «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, аталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан. Алар “Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум” жөнүндө мыйзамды бир эле учурда үч окууда коомдук талкуусуз кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатышканын айтып жатышат юристтер.

Кандай өзгөртүүлөрдү сунуштап жатышат?

Колдонулуп жаткан редакция

Сунушталып жаткан редакция

10. Бардык фракциялардын, ушул бөлүктүн 8-пунктунда каралган учурду кошпогондо, жооптуу жана тармактык комитеттеринин оң корутундулары болгондо, Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда жана/же үч окууда кабыл алууга төмөнкү учурларда укуктуу:

1) мыйзамдын ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүүдө;

2) колдонуудагы мыйзамды жаңы кабыл алынган мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүүдө;

3) мыйзамдын бир беренелерин ошол эле мыйзамдын башка беренелерине ылайык келтирүүдө;

4) мыйзамдын тексттинин грамматикалык каталарын оңдоодо;

5) мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзамдын тексттеринин ортосундагы дал келбестиктерди жоюуда;

6) кредиттик макулдашууларды кошпогондо, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароодо;

7) Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлорун кароодо;

8) өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилишине жана/же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу, укук тартиби жана коопсуздук маселелери боюнча мыйзам долбоорун кароодо.

10. Бардык фракциялардын, ушул бөлүктүн 1, 1.1 8-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, жооптуу жана тармактык комитеттеринин оң корутундулары болгондо, Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда жана/же үч окууда кабыл алууга төмөнкү учурларда укуктуу:

1) мыйзамдын ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүүдө;

1.1) мурда өткөрүлгөн референдум менен Конституцияга өзгөртүүнү талап кылган маселе кабыл алынган учурда, Конституция боюнча референдумду дайындоо жөнүндө;

2) колдонуудагы мыйзамды жаңы кабыл алынган мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүүдө;

3) мыйзамдын бир беренелерин ошол эле мыйзамдын башка беренелерине ылайык келтирүүдө;

4) мыйзамдын тексттинин грамматикалык каталарын оңдоодо;

5) мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзамдын тексттеринин ортосундагы дал келбестиктерди жоюуда;

6) кредиттик макулдашууларды кошпогондо, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароодо;

7) Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлорун кароодо;

8) өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилишине жана/же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу, укук тартиби жана коопсуздук маселелери боюнча мыйзам долбоорун кароодо.

Жогорку Кеӊеш жооптуу жана тармактык комитеттеринин оң корутундулары болгондо, ушул бөлүктүн 1, 11, 8-пункттарында каралган мыйзам долбоорлорун бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда жана/же үч окууда кабыл алууга укуктуу.

Коомдук талкууну уюштуруу

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

Коомдук талкууну уюштуруу

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен, ошондой эле мурда өткөрүлгөн референдум менен Конституцияга өзгөртүүнү талап кылган маселе кабыл алынган учурда, Конституция боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүүнүн алкагында келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

“Депутаттардын бул демилгеси мыйзамсыз жана негизсиз”

Кыргызстан юристтер коомдоштугу ЖКнын Регламенти жөнүндө Мыйзамга жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгеси мыйзамсыз жана негизсиз экендигин билдиришти:

2020-жылдын 22-октябрынан тартып Парламент тарабынан шайлоо жана конституциялык референдум жөнүндө мыйзамдарды кабыл алуу боюнча жол-жоболорду бир нече жолу бузуулар Кыргызстанда укуктук мейкиндиктин бузулушуна алып келүүдө. Буга карабастан, Парламент мыйзамдарды айланып өтүү менен бийликке жагымдуу, бирок элге жагымсыз чечимдерди кабыл алууну улантып жатат. Өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруучу органы Кыргызстандагы мыйзамдардын үстөмдүгүн бузууну улантууда. ЖКнын үч депутаты 2021-жылдын 21-январында демилгелеген мыйзам долбоору Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жөнүндө мыйзамды коомдук талкуусуз дароо үч окууда кабыл алууну сунуш кылат.

ЖК депутаттарынын эсине сала кетебиз, Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат, бул мыйзамдар бүткүл элдин кызыкчылыгында кабыл алынаарын билдирет. Бул мыйзамдарды талкуулоого жана кабыл алууга жарандардын катышуусу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө чакырылган бардык жол-жоболук талаптарды кыйшаюусуз сактоону талап кылат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесиниин 1-бөлүгүнө ылайык жарандар, республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга укуктуу.

Мыйзамдын негидемесинде:

“Коомдук талкууну камсыз кылуу жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу үчүн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин расмий сайтына жайгаштырылган, сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

Сунушталган мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы алардын катышуучусу болуп саналган эл аралык мыйзамдардын актыларына каршы келбейт.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каржы чыгымдарын талап кылбайт.

Сунушталган мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес, ушуга байланыштуу, жөнгө салуу таасирин талдоо талап кылынбайт”, — деп айтылат

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров бул мыйзам баардык мыйзамдык талаптарды аткаруу менен кабыл алынып жаткандыгын билдирди:

Бул бир айлык талкууга коюлду да. Андан кийин юридикалык экспертиза болот. Ошол экспертизанын негизинде бир дагы Конституцияга каршы акты кабыл алуу мүмкүн эмес. Мыйзам чыгаруунун технологиялары бар да, өзүнүн регламенти бар. Аягына чейин окуп чыкпай эле…Референдум бүткөндөн кийин конституцияга шайкеш келе турган мыйзамдарга тийиштүү бул. Ошонун ичинде азыркы биздин парламенттеги шайлоо кодекси менен өкмөт жөнүндөгү мыйзамдарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Мыйзамдын негизги максаты — референдум бүткөндөн кийин, Конституцияга калган мыйзамдарды шайкеш келтирүү убагында убакытты үнөмдөө”, — деп билдирди депутат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты