​ЖЭБдеги иштин жаңы ачылган жагдайлары боюнча сот 1-февралга жылдырылды

  • 3 года мурун

Бишкектеги жылуулук электр борборундагы кылмыш ишинин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу 25-январга белгиленген соту 1-февралга жылдырылды.

Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

“Бул иш боюнча Сапар Исаковду актай турган жаңы жагдайлар ачылды. Өкүм чыккандан кийин ЖЭБди модернизациялоо боюнча мамлекеттик казынага эч кандай зыян келбегени белгилүү болду. Элестетсеңиз, машинаны уруксатсыз айдап кетүүгө шектүү камалды, бирок жабыркады деген киши “менде эч кандай машина жок болчу десе» деди адвокат.

2019-жылдын 6-декабрында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборунун модернизациясы боюнча сот иши аягына чыккан. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылган.

Свердлов райондук сотунун бул өкүмүн Бишкек шаардык соту 2020-жылы март айында, Жогорку сот июнь айында бир аз өзгөртүү менен күчүндө калтырган.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Мекеме буга чейин Исаковдун 6-октябрдагы элдик толкундоолордон бошотулгандан кийинки өргүүсү 12-октябрда аяктаганын, бирок түзөтүү абагына кайтып келбегенин кабарлаган. Бул факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Жазадан качуу» беренеси менен катталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты