​Чаткалда алтын-кен фабрикасындагы жагдай боюнча комиссия иштөөдө

  • 3 года мурун

Чаткалдагы «Эти-Бакыр -Терек-Сай алтын-кен фабрикасында 23-январда түштөн кийин саркынды суу сакталган жай ачылып кетип, калдыктардын жарымы сууга куюлгандыгы кабарланды.

Социалдык тармактарга тараган бул кабарды “Кыргызалтын” ачык акционердик коому ЖМКга тастыктады, алдын ала маалыматтарга ылайык, куюлган сууда цианид калдыктар аралашпаганы айтылууда.

Айыл калкына дарыя суусун пайдаланбай туруу эскертилди. Алтын-кен фабрикасында бул кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн.

Терек-Сай айылындагы «Эти Бакыр Терек-Сай» биргелешкен ишканасынын капиталынын 75% Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясына, 25% Кыргызстандын «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна тиешелүү.

Премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө 2020-жылдын 15-декабрында алтын өндүрүүчү жай жана калдык сактоочу жайдын курулуш иштери жанданган Чаткал районундагы «Эти-Бакир-Терек-Сай» ишканасына барган.

5-6-октябрдагы окуяга байланыштуу курулуш иштери токтоп, кийин кайра жанданган. 2020-жылдын аягына чейин жалпы жумуштун 25% дан ашыгын бүтүрүү пландалганы айтылган.

Артем Новиков 700дөн ашуун адам жумуш менен камсыз болгонун, алардын 75% жергиликтүү тургундардан экенини белгилеген.

Сүрөт: Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты