“Эркектерге жумуш” же эркек сойку болуу оңойбу?

Түнкү көпөлөктөр жөнүндө сөз башталса, алгач жеңил ойлуу кыздар оюбузга келет. Бирок, сойкулук менен алектенген эркек кишилер да Бишкекте жок эмес. Төмөндө биз дал ушул көрүнүш жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Ачык жарыяланган “жумуш”

Бул темага биздин редакциянын кызыгуусуна мессенджерлердин биринде “Эркектер үчүн оңой жумуш” деп таркап жаткан жарнама себепкер болду. Кызыгуунун артынан көрсөтүлгөн телефон номер аркылуу “жумуш берүүчү” менен байланыштык. Бизге келген жооп төмөнкүдөй болду:

Бизге келген каттардан бул “жумуш берүүчү” аялдарга интимдик кызмат көрсөтүү үчүн эркек адамдарга жумуш сунуштап жатканы белгилүү болду. Бул катта “жумушчунун” бир сааттык акысы, “жумушка” баруу жана акысын алуу жолдору көрсөтүлгөн. Ошондой эле, мындай кызматтарды колдонгон аялдарга маалымат берүү үчүн кыскача анкета толтуруу керек. Ал анкетага аты-жөнү, жашы, иштей турчу шаары, жыныстык органдын узундугу жана сүрөт көрсөтүлүшү керек.

Ошондой эле, бул агенттик ортомчулдук көрсөткөндүгү үчүн жалпы суммадан жыйырма пайызын ала турганы жазылган. Аялдарга көрсөтүлгөн эркектердин кызматтары бул агенттикте саатына үч миң сомдон жогору бааланат.

Бул кызматка толгон Интернет

Интимдик кызматтарды сунуштаган сайттар жок эмес экендиги бардыгына белгилүү. Кыргызстанда интимдик кызматтарды сунуштаган бир канча ири сайттар бар. Ар биринде эркектер үчүн эле эмес, аялдарга да арналган кызматтар үчүн орун табылган. Биз бул сайттардын айырмачылыктарын салыштырып көрдүк.

Ар кайсы булактардан кардар өзүнө жаккан адамды жана анын параметрлерин тандай алат. Бул жерде кызмат көрсөтүүчүлөрдүн боюнун узундугу, салмагы, сырткы келбети жана чачынын өңү көрсөтүлгөн. Аялдар өзүлөрүнүн каалоолоруна жараша кызмат көрсөтүүчүнү тандай алат.

Биздин байкоолорубузга ылайык, бул кызмат көрсөтүү тармагында 18-35 жаштагы мырзалар алектенишет. Өз кызматтары үчүн 400 сомдон беш миң сомго чейин алышат. Бирок, арасында он миң сомго чейин алгандар да бар.

Мындан сырткары, ушул эле сайттардан өзүнүн анкетасын толтуруп жиберип койсо болот. Мындай сайттарда анкетаны кантип толтуруу керек, кардарларды бат табуу жолдору да көрсөтүлгөн.





























Саатына беш жүз сомдон жогору…

Биз бул кызматтарды көрсөткөн адамдан интервью алуу максатында байланышып көрдүк. Бирок, ал адам “бул сайтка мен жаңы эле катталдым” деп, маек куруудан баш тартты. Мындай көрүнүш дагы эки адам менен кайталанды.

Интервью алуу мүмкүнчүлүк жок болгондугунан улам, биз кардар катары чалып, сүйлөшүп көрдүк. Биз эки кызмат көрсөтүүчү менен байланыштык (адамдардын аттары өзгөртүлгөн — ред.).

Журн.: Саламатсызбы? Сиздин номериңизди сайттан алдым

-Максат: Салам. Угуп жатам

-Журн.: Сиз эртең бошсузбу?

-Максат: Ооба

-Журн.: Сиз бир түнгө канча сом аласыз?

-Максат: Билбейм. Сайтта баары жазылган.

-Журн.: Орточо канча болот? Сайттан көрө алган жокмун.

-Максат: Саатына 500 сом.

-Журн.: Жыныстык катнаш корголгон болобу?

-Максат: Контакт…. ооба, ооба

Биздин экинчи каарманыбыз сунуштаган кызматтары жана аларга баасы жөнүндө кененирээк айтып берди:

-Журн.: Салам. Сиздин номерди сайттан алдым. Сиз эртең бошсузбу?

-Нурбек: Сизге кайсы убакытка керек?

-Журн.: Сегизден он экиге чейин болсо болот.

-Нурбек: Ал убакытта жумушта болуп калам. Башка жумушта иштейм да

-Журн.: Сиз качан бош болосуз?

-Нурбек: Кечки сегизден баштап бош болом.

-Журн.: Анда тогузда кезигели. Анан тактап алайын дедим эле. Канча сом аласыңар?

-Нурбек: Саатына миң сом

-Журн.: Жыныстык катнаш корголгон болобу?

-Нурбек: Ооба, албетте

-Журн.: Сиз кандай кызматтарды көрсөтөсүз?

-Нурбек: Кызмат дегенде эми… салттуу эле жыныстык катнаш болот. Калганын сайттан карап алсаңыз болот.

-Журн.: Ал анкетаны ача албай койдум…

-Нурбек: Ошол анкетада бардыгы көрсөтүлгөн

-Журн.: Ошондо сиз бир түнгө канча сом аласыз?

-Нурбек: Саатына миң сом, ошого жараша…

Сойкулукка түрткөн себептер

Социологиялык илимдердин кандидаты Асель Шайылдаева проституцияны келип чыгышын себептери жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, проституция экономикалык, социалдык жана үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн чыгып келет.

“Сойкулуктун негизги себеби — оңой акча табуу. Эгер суроо-талап болсо, сунуш табылат. Мындан сырткары, экономикалык кыйынчылыктар, үй-бүлөдөгү оорчулуктар, жумушсуздук жана айлык-акынын аздыгы себеп боло алышат. Ошондой эле, проституциянын негизги факторлору болуп адеп-ахлактын төмөндөшү, коомчулуктун бай-кедей болуп бөлүнүүсү, социалдык теңсиздик саналат”, — деди Асель Шайылдаева.

Проституцияны азайтуу үчүн Асель Шайылдаева жогоруда айтылган көйгөйлөрдү жоюш керек экендигин белгилейт.

Эркектер арасындагы сойкулук азырынча Кыргызстанда изилдене элек болгондугу үчүн, эркектердин мындай кадамдарын илимий тараптан кароо мүмкүн боло элек.

Сойкулук менен кармалгандар жоопко тартылбайт

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жоопкерчилике сойкулук кылууга тарткандар эле жоопко тартылат.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде сойкулук кылууга тартуу жана сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү үчүн гана жазык жоопкерчилиги каралган. Сойкулук менен алектенүүгө, сойкулукка бөгөт коюу боюнча алдын алуу иш-чараларын (рейддер) ички иштер органдары жүргүзүп келет”, — деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Сойкулук менен алектенген адам жоопкерчилике тартылбайт. Бирок, сойкулука көмөктөшкөн адам Жазык кодексинин 167-беренесине ылайык, 260 миң сом айыпка же болбосо эки жарым жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ошондой эле, сойкулук кылууга тарткан адам, Жазык кодексинин 166-беренесине ылайык, 300 миң сомго чейин айыпка, же болбосо беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Муну менен бирге, ИИМ биздин эркек сойкулар катталган учурлар жөнүндөгү сурообузду жоопсуз калтырды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты