​Элдар Абакиров: Күчтүү, квалификациялуу кадрларыбызга жумуш орунун Кыргызстандан түзүп берели (ВИДЕО)

Видео

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө “Шайлоодон кийин: Биз кантип өнүгөбүз?” деген теманын тегерегинде сөз болот. Студияда мейманда - экономика боюнча эксперт Элдар Абакиров.

Элдар Абакиров өнүүгүүнүн жолдору тууралуу өз сунуш-пикирлерин айтты:

- Лейлек жана Баткен райондорун, менимче, эркин экономикалык аймакка айландырсак, биз көп тараптан утабыз. Биринчиден, ал жерлерде эркин соода жүрө баштайт. Бажы төлөмсүз, салыкты төлөттүрбөй, каалагандай товарды алып келип-алып кеткен система түзүлөт.

Баткен районунан бери келатканда Ак-Турпак деген көпүрө бар. Айдеркен жагында да көпүрө бар. Бажы көзөмөлүн ошол жерден койсок, биз, биринчиден, контрабандадан кутулабыз, бюджетибизди бекемдейбиз.

Экинчиден, ошол эки аймакка эркин соода жүргүзүүгө шарт түзүп берсек, бүткүл Фергана өрөөнүнө, анын ичинде Худжант облусуна дагы Кыргызстан тараптан соода кылганы келишет, эл байыйт. Анын аркасынан өндүрүш ачууга кызыккандар да көбөйөт. Анткени кандайдыр бир чийки зат же товар чыгарып жатканда же жабдыктарды алып келе жатканда мыйзам тараптан эч кандай тоскоолдук болбойт.

Ошондон улам биз эки жактан утабыз. Биринчиден, бюджетти контрабандадан коргойбуз. Экинчиден, жергиликтүү элди байытканга шарт-жагдай түзүп беребиз.

Жалпысынан жумуш орундарын кантип түзөбүз? Жакшы сөз бар, “Бар нерсеге шүгүр кыл” деген. Колубузда эмне бар, ошону жакшылап карайлы. Мына, 20-25 жылдык “Дордой”, “Кара Суу” соода түйүндөрүбүз, ал жактарда миңдеген сатуучулар бар. Мен 4-5 соодагерди тааныйм, алар өндүрүш, фабрика ачышты. 10-15 жылдан бери бут кийим сатып жүргөн кишинин баласы “эмнеге биз бут кийимди бул жактан чыгарбайбыз, сатыктан түшкөн акча сыртка чыгып кетет, өндүрүш ачып көрбөйлүбү” деп, башында 400 миң долларга жакын каражатка лизингге жабдуу алып, кийин 2 млн долларга жакын италия жабдууларын сатып алып, ири бут кийим фабрикасын ачты.

“Дордойдо” андай адамдар көп. Аларда эмне бар, соода, өндүрүш жүрүш үчүн эмне керек? Ала турган жер, сата турган жер керек. Алардын баарында сата турган жер даяр. Алар ала турганын сырттагы фабрикалардан алышат. Ошол фабрикаларды Кыргызстандан куруп бергенге жардам берсек, өндүрүш бутка тура баштайт, жүздөгөн ошондой фабрикалар ачыла баштайт.

Өкмөт базардагы сатуучулар менен баарлашып чыгыш керек. “Канча жылдан бери сатып жатасың, ушуну Кыргызстанда жасаш кыйынбы же жеңилби? Жасаш үчүн эмне керек? Мүмкүн сага узун мөөнөттүү насыя керектир же өндүрүштүк аймактан сага орун бөлүп бериш керекпи деп ж.б. Кыргызстанда жүздөгөн ишканаларды ачсак болот.

Дагы. Лыжа тепкендер Кыргызстандын өзүндө да көбөйдү. Азыр кайсы жерге барба, мына, балпылдап кар жаап жатат, лыжа базалардын ээлери “буюрса дагы бир ай сезон болот” деп кубанып жатышат. “Чуңкурчак”, “ЗИЛ”, Караколдогу “Каприз”, Чүйдөгү “Орловка”, Алайдагы лыжа базасы... Караколдогу “Каприз” лыжа базасына бардым, “подъемникке» отуруш үчүн 10-20 мүнөт кезекте турасың, машина, киши батпайт, отелдин баары толгон. Ошо кезек күтүүдүн улам көбү баргысы келбей баштады.

Мен билгенден ал жакта, Кереге-ташта, 100-200 млн долларлык лыжа базасынын жакшы долбоору бар. Жети-Өгүз районунун Ак-Терек жагында да бар, Жыргалаң... Ошол жерлерге жакшы инвестор келсе, Караколдо туристтер, дагы 2-3 эсе көбөйөт, лыжага кызыккандар, элдин кирешеси көбөйөт. Аны менен кошо дүкөндө, отелде, кафеде соода, жергиликтүү элге, ишканаларга киреше, анын аркасынан бюджетке киреше. Бюджетке акча түшүп, Кыргызстандын карызы да тезирээк жабыла баштайт.

“Капитал” деген китепти окусаңар, ал жерде мындай нерсе бар, киреше кантип пайда болот: товар-акча-жумуш-товар. Квалификациялуу күчтүү жумушчулар чыныгы кирешени пайда кылат. Ал эми биздин эң күчтүү, жумушка жарай турган катмарыбыз сыртка кетип жатса, алар ошол өлкөлөргө киреше алып келип жатышат. Эгер биз ошолорго ушул жактан жумуш орундарын түзүп берсек, Кыргызстандагы кирешени көбөйтүп, Кыргызстанды байытабыз.


Айгүл Бакеева/ “ПолитКлиника”

Сүрөт жана видео: “ПолитКлиника”.