Күч структуралары менен бизнестин тиреши

2021-жылдын 13-январында белгисиз адамдар “Спекулянт” соода маркасынын кампаларына күч менен кирип, кампанын бардык эшиктерин жаап салышкан. Муну менен бирге кампанын жумушчуларына телефон менен сүйлөшүүгө, сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынган. Бул тууралуу “Спекулянт” соода маркасынын ээси Василий Щербина Садыр Жапаровго жана күч структураларынын жетекчилерине жөнөткөн катында айтылат.

Василий Щербинанын айтымында, күч органдарынын кызматкерлери агрессивдүү түрдө кампаны тинтип, компаниянын документтерин жана мөөрлөрүн алып кетишкен:

Бул адамдар биздин кызматкерлерге телефон колдонууга, дааратканага барууга тыюу салып, документтер, компьютерлер, мөөрлөрдү чыгарып кетишкен. Биздин кызматкерлерге коркутуу жолу менен алуу актысына кол койдурушкан. Бирок, өзүлөрү ким экенин, кайсы органдан келгендерин билдиришкен эмес”, — дейт Василий Щербина.

Ошондой эле, 15-январга караган түнү бул компаниянын эки бухгалтери УКМКнын кызматкерлери тарабынан коррупцияга шектелип кармалган:

Биздин эки бухгалтер — Ищенко О. жана Юсупов А. УКМК кызматкерлери тарабынан коррупцияга, башкача айтканда бир же бир канча мамлекеттик кызматкерлер менен мыйзамсыз баюу схемасын түзүшкөн деп кармалышкан. Бирок, биздин бухгалтерлердин күнөөсүн билдирген далилдер жок. Мындан сырткары, УКМК айтып жаткан схемага катышкан башка укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери же аткаминерлер кармалган эмес”, — дейт Василий Щербина.

Мындан сырткары, УКМК тарабынан коррупциялык схема жана Кыргызстанга мөөнөтү өткөн товарларды киргизүү жолу аныкталганын биз, Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдик”, — деп билдирген Орусиялык ишкер Василий Щербина.

Биз бул окуянын такташ үчүн УКМКнын маалымат кызматы менен байланышканыбызда, бул иш Башкы прокуратуранын карамагында экендигин билдиришти.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, “Спекулянт” соода тармактарындагы иш-чаралар мыйзамдын талаптарына жооп берет:

2021-жылдын 20-январында Жалпыга маалымдоо каражаттарында Василий Щербинге таандык “Спекулянт” соода тармагынын кампасы мыйзамсыз түрдө басып алынды деген маалымат жарыяланган. Бул чындыкка дал келбейт”, — деп билдирди Башкы прокуратура.

Ведомстволор аралык комиссия “Спекулянт” коммерциялык компаниясынын ишкерлери айрым мамлекеттик кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын аймагына сактоо мөөнөтү өткөн тамак-аш продукциясын киргизүү коррупциялык схемасын түзүшкөн. Аларды айрым фискалдык органдарынын кызматкерлери калкалап турган. Мындан сырткары, тинтүүнүн негизинде, чоң көлөмдөгү мөөнөтү өткөн продукция жана этикеткаларды даярдоочу жабдуулар аныкталган”, — деп биздин редакцияга Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Бирок, “Спекулянт” соода маркасынын ээси Василий Щербина өзүнүн кайрылуусунда төмөнкүлөрдү билдирген:

Күч структуралары биздин компания мамлекеттик жана фискалдык органдардын кызматкерлери менен коррупциялык схема түзгөн, өлкөгө сактоо мөөнөтү өткөн продукцияны алып келген деп жатышат. Бирок, бул маалыматтар биздин компанияны каралоо максатында берилип жатат. Анткени бизге коюлган айыптоолордун далилдери жок. Ошондой эле, биз өлкөгө киргизип жаткан продукциянын сертификаттары, санитардык, төлөө жана бажы документтери бар. Мындан сырткары, биз менен дүйнөлүк аты бар Орусиялык компаниялар иштешет. Чын эле ошондой болсо, алар биз менен иштешпейт болчу”, — деген билдирүүсүн тараткан Василий Щербина.


“Наваттын” ээси киреше адалдоо деп шектелүүдө

Мындан сырткары, бир ай мурун УКМКнын Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан “Нават” мейманканасынын тең кожоюну Сергей Острецов кармалган. Бул тууралуу 24.kg сайтына жеке булактары маалымдаган.

Ал булактын айтымында, Сергей Острецовго бизнеске дал келбеген айыптар коюлган:

Сергей Острецовго кирешелерди адалдаштырган деген айып коюлууда. Мындай айыптоолор бизнес үчүн дал келбейт. Бул беренелер менен аткаминерлерди кармашат. Мындай жол менен ага кысым көрсөтүп, компаниядагы үлүшүн тартып алгысы келип жатышат деген шек жаралат”, — деп билдирген маалымат булагы.

УКМКнын маалымат кызматы “Нават” мейманканасынын тең кожоюну Сергей Острецовдун камалышы боюнча биздин редакцияга төмөнкүдөй жооп берди:

«Нават» мейманканасынын тең кожоюну аталган С.Острецовго кысым көрсөтүү жана өзүнүн компанияларынын акцияларын тартып алуу максатында камакка алынгандыгы жөнүндө маалыматтын жалпыга маалымдоо каражаттарында таркатылышына байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет:

Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМК тарабынан ломбарддардын тармагына жамынып алып, банк ишин мыйзамсыз жүргүзүү фактылары жана өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн баш тартуу фактылары 2009-жылдан баштап азыркы учурга чейин иликтенүүдө”, — деп маалымдайт УКМКнын басма сөз кызматы.

Ошондой эле, УКМК тергөө бүткөнгө чейин бул ишке катышкан адамдар жөнүндө маалыматтар жана фактылар жарыяланбастыгын билдирди.

Азыркы учурда Сергей Отсрецов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Острецов Сергей АлександровичРослогист”, “Атамикс Трейд” жана “РосФинансКредит” микрокредиттик компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн катарына кирет.


Бизнес коомчулук кооптонууда

Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева өлкөдө бизнеске болуп жаткан мамиле ишкерлер арасында кооптонуу жаратканын билдирди:

Нават” жана “Спекулянт” жөнүндө комментарий бере албайм. Бирок, бизнеске болуп жаткан мамиле кооптондурат. Акыркы учурда күч структураларынын “трендке” айланган мамилеси, башкача айтканда эч нерсе билдирбей, көрсөтпөй келип, мүлккө арест коюп, документтерди алып кетип калышы коркутат. Азыркы жазык жана процессуалдык кодекстер бизнести коргоосуз калтырып жатат. Анткени алар каалаган учурунда келип, текшерип, арестке коюп кетишет. Эгер сен күнөөсүз экениңди далилдесең деле, күч органдары жоопко тартылбайт. Бирок, ишкер ал убакта бизнесин жоготуп коюшу мүмкүн”, — деди Гүлнара Ускенбаева.

Ошондой эле, Гүлнара Ускенбаева буга чейин жазык жана процессуалдык кодекстерди бизнести коргой тургандай кылып өзгөртүп берүү сунушу менен бийликтин бардык бутактарына кайрылып келгендерин белгиледи.


Жарандар рейдерлик басып алуу катары кабыл алышты.

Жарандар бул көрүнүштөрдү рейдерлик басып алуу катары кабыл алышты. Өз пикирлерин социалдык тармактар аркылуу билдиришүүдө.

Айрым жарандар УКМКны негизги милдеттерин аткаруусуна чакырды:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты