​Коронавирус боюнча комиссия коронавируска каршы колдонулган эффективсиз чараларды атады

Мамлекеттик, муниципиалдык жана жергиликтүү органдардын коронавируска каршы туруу жана финансылык, гуманитардык жардамдарды эффективдештирүү жөнүндө коронавируска каршы ведомстволор аралык комиссия маалымат жыйынын өткөрдү.

Кыргызстанда короновирустун эң чокусу катталган жалпы эки учур болгон. Бул июль айында жана ноябрь айынын ортосунда белгиленген. Жалпы оору жуктургандардын 60%ын 30-64 арасындагы жарандар түзгөн.

Коронавируска каршы эффективсиз чаралар:

— Көчөлөрдү дезинфекциялоо. Дезинфекциялык тоннелдердин жардамы менен көчөлөрдү тазалоо эффективдүү эмес. Айрым учурда анын негативдүү таасири да болду. Бул каражаттарды рационалсыз колдонууга жатат.

— Атайын ачылган обсерваторлор. Бул жайларда тиешелүү шарттар каралбагандыгына байланыштуу терс таасирин тийгизди. Себеби ооруну таратуу ыктымалдуулугу жогорулады. Үй-бүлө мүчөлөрүнө гана жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү менен үй шартында дарылоо жакшы болмок.

— Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуусу кызыл зоналарда эмес, тиешелүү чаралар жок болгондугу үчүн ушундай обсерваторлордон көп катталып жатты.

— Үйлөрдү кыдырып оорулууларды аныктоо. Бул дагы эффективсиз чара болгон. Каражат текке кетти. Жеке коргонуучу каражаттар жок болгон учурда ооруну таратуу коркунучу көбөйгөн.

— Күндүзгү стационарлардын ачылуусу. Тиешелүү изоляциялык шарттар түзүлбөгөнү үчүн терс таасирин тийгизген чара катары бааланат. Бул жайларга көптөгөн жарандар кайрылышкан. Алардын бардыгынын диагнозу аныкталган эмес. Сасык тумоо же башка оору менен ооруп калгандар ал жактан жуктуруп алып жатышты. Анын үстүнө ал жакта иштеген дарыгерлер кайрылгандарды көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок болду.

— Экспресс-тесттерди колдонуу. Бул тесттер алсыздыгын көрсөттү. Көбүнчө туура эмес маалымат берип жатты.

— Медициналык эмес уюмдардын инфекциялык бөлүмдөрду ачуусу. Бул азырынча талашта турат. Себеби инфекциялык чаралар жана жабдуулардын жоктугу дагы эле каражатты негизсиз сарптоого алып келген.

Саламаттыкты сактоо, Республикалык штаб тарабынан кабыл алынган эффективдүү чаралар:

— Санитардык көзөмөл пункттарынын ачылышы;

— Ооруканалардын инфекциялык бөлүмгө профилдешүүсү;

— Аралыктан окуу системасына өтүү;

— Массалаык иш чаралардын өткөрүлбөөсү;

— Аралыктан иштөө методу;

— Көпчүлүк топтолгон жерлерден оолак болуу, үйдө болуу, маска тагынуу — эффективдүү чаралар. Бирок жарандардын түшүнбөгөнү, кайдигер мамилеси оорунун таралуусун күчөтүп жатты;

— Медицина кызматкерлеринин жеке коргонуучу каражаттары. Көптөгөн акча коргонуучу комбинизондорго кетти. Анын ордуна бир жолу колдончу халаттарды алышса болмок. Коргонууда сапаттуу респиратор колдонууга көңүл бурулуусу керек болчу. Себеби инфекция тери аркылуу жукпайт да. Ал аба аркылуу жугат.

Пандемиянын өсүшүнө таасир эткен себептер жана факторлор

— Маалыматтын жетишсиздиги;

— Калктын профилактикалык маселелерге көнүл кош мамилеси. Биринчи толкундагы жалпы паника;

— Саламаттыкты сактоо уюмдарынын инфраструктурасынын модернизациядан өтпөгөнү, имараттарынын эскилиги, эски медициналык каражаттар ж.б;

— Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштердин негизсиз болуусу, уюштуруу иштеринин алсыздыгы;

— Эпидемиологиялык абалдын ката жана убагынан кечиктирилип өлчөнүшү;

— Тиешелүү адистердин жетишсиздиги тынымсыз иштөөгө алып келди;

— Медициналык кызматкерлерди катаал шартта иштөөгө психологиялык жактан даяр эместиги;

— Жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги алардын сапатынын начардыгы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты