АЛИШЕР НАВОИ АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН АКЫНЫ БОЛГОН

Адам баласынын жашоо тарыхы менен Алишер Навоинин чыгармачылыгы да замандаш, жолдош. Мындан беш кылым мурда жаралганына карабай, өзбек акыны Навоинин чыгармалары азыркы мезгилдин, тагыраагы бүгүнкү күндө да адамзатты ойлондурган суроолорго жооп берет. Анын чыгармаларынан кечээгинин, бүгүнкүнүн жана келечектин татаал маселелерине жооп таба алабыз. Ооба, Навоинин чыгармаларында адамга таандык ой-сезимдин баары кенен чагылдырылган. Дүйнөлүк адабиятта өз ордун татыктуу ээлеген Навои келечекти көрө билген даанышмандыгы, көрөгөчтүгү менен өзгөчө айырмаланган.

Ким көргөн түбөлүк жыргалды,

Түбөлүк жыргалга ким баткан?

Бир жолу бактылуу болгондор,

Артынан жүз жылдык муң тапкан.

Бул ыр саптарында түбөлүк жыргал жашоонун жок экени айтылат. Түбөлүк бакытка бөлөнгөн киши да дүйнөдө жок, демек, ал тууралуу кыялдануунун да кажети жок. Эгер андай жыргалчылык бир эле жолу келсе, анын артында жүз жылдык муң бар. Демек, бардык бактылуу күндөр убактылуу дейт. Автор муну байыркытүрк тилдеринде колдонулган “foni” б.а., “өтүп кетүүчү, убактылуу” сөзүн колдонуу менен чыгармасында берген. Автор ал сөздү фарс тилинде жазган чыгармаларында да эркин колдонгон. Дегеле чыгарманын мааниси убактылуу жыргалчылыктан баш тартып, түбөлүктүү жыргалчылыкты, чыныгы жашоону, бейишти сөз кылган.

Алишер Навои өз чыгармаларында адамгерчилик, жакшылык кылуу тууралуу темаларга кенен кайрылат. Бирөөгө жамандык кылган киши жазасыз калбастыгы, дегеле адилеттүүлүк жөнүндө өтө көп сөз кылган. “Фархад менен Ширин” чыгармасында да дал ошол маанидегибейт бар:

Жаман ишке барчу болсо кимде ким,

Турмуш аны эки эсе жазалайт.

Азирети Навои өзүнүн «Хайратул Аброр» дастанынын бешинчи бөлүмүндө кең пейилдик, ынтымак, боорукерликжөнүндө сөз кылат. “Боорукердик сенин пейилиңди ондогон маалда шүгүр кылуунун ордуна кастыкка, жамандыкка жүзүңдү бурбагын. Кастык, жамандык дүйнөдөгү адамды иренжиткен жаман жорук болсо, ал эми боорукердик бул дүйнөнүн асыл сапаты. Бул касиеттүү асылды кор кылба. Кең пейилдик менен боорукерлик канчалык мактоого ылайык болсо да, аны бейчеки коротпо. Акылыңды болор-болбос нерселерге сарптаба, акылыңды ысырап кылба, аны ысырап кылуу жаман иш кылганга тете», — деген ойлорду айтат улуу акын.

Алишер Навои өзүнүн чыгармаларында өмүр, үмүт жөнүндөгү асыл ойлорун да ортого салат.

Өмүрдүн кадыры жок,

Теңирим, өзүң билесиң.

Эл билет, пендең билет,

Өкүмдү өзүң берериң.

(Мухуммадамин Хожакбаровдун котормосу)

Улуу Жаратуучу Өмүргө ар бир адамды кайталангыс, өзгөчө кылып жараткан. Ошону баалап, ошону кадырлап алуу керек. Өмүргө көз ачып келген ар бир адам үчүн кезек да, доор да анын колунда. Ошондуктан, акын ар бир адамды өмүрдү текке өткөрбөөгө чакырат.

“Эй көксөөсү канбаган көңүл, өмүрүңдү пайдасыз кыялдаргаазгырылуу менен өткөрүп жатасың. Качан эсиңе келесиң?! Өзүнө кайт!”- деген сыяктуу ойго салган саптары акындын чыгармаларында арбын учурайт.

Улуу даанышман акын өмүрдү туура нукка буруу, убакытты текке кетирбөө жөнүндө оголе көп жазган. Буга далил катары анын тарыхый фактыларга таянган чыгармаларын айтсак болот. Мисалы, анда адилеттүү, өмүрүн пайдалуу өткөргөн падыша жөнүндө (Искендер падыша)жазып, окурмандарды андан сабак алууга чакырган. Дагы бир рубаисинде үмүтсүздүктөн алыс болуу керектигин айтат.

Жыргалдан, деңизден байлыктан үмүт үз.

Байлык эмне, бул дүйнөдөн үмүт үз.

Дүйнө эмне, баарысынан үмүт үз.

Бирок үмүт үзө көрбө Кудайдан.

(Мухаммадамин Хожакбаровдун котормосу)

Мында атак-даңк, убактылуу жыргалчылыктан үмүт үз деп айткыла, бирок Жараткандан үмүт үз дебегиле деген ой жатат.

Адабиятта “иктибос”( iktibos – мисал келтирүү) деп аталган ырдын түрү бар. Мында автордун ою кайсы бир хадис, сүрөөгө таянат. Алишер Навоинин да чыгармаларында мындай көрүнүшкө күбө болобуз.(“Лаа-такнату мир-рахматуллах” чыгармасында ушул аяттын мазмунун колдонот.) Тарыхчы Низомидин Шомийдин изилдөөсүнө таянсак, Амур Темур да өлөөр алдында ушул аятты айтып көз жумган экен.

Адам баласы көп учурда кыйынчылыкка тизе бүгүп жеңилип, үмүтсүз кайдыгер абалда калып, жашоодон көңүлү калган учурлары болот. Кетирилген катачылыгын кайра ондоого болбостугун ойлойт. Бул напсинин жана шайтандын азгырык ою деген Навои. Даанышман акын ырларында адамдарга абийирине качан болбосун кайтып келүүгө болорун, Жараткан ага ар дайым ырайымдуулук кыларын айткан.

Дүйнө адабиятында өзүнүн кайталангыс ордун ээлеген Алишер Навоинин чыгармалары окурманды адамгерчиликке жана ыйманга чакырат. Навои акын гана эмес, а өз доорунун акылман жана даанышман инсаны болгон. Ал даанышман ойлорун насыят сөз катары эмес, а өзгөчө поэтикалык туундуларда чагылдырган. Автор өзүнөн кийинки чыгармачыл муунга бул өзгөчөлүктү үйрөтүп кеткен.

Алишер Навоинин 580 жылдыгына карата

Умурзокова Езоза Учкунжон кызы

Өзбекстан, Навои областы, Навои шаары

Өзбек тилинен кыргызчалаган: Гүлүмкан Исаева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты