​Кыргызстан вакцинаны кандай негизде тандап алышы керек? (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө мейманда медицина тармагынын эксперти Айбар Султангазиев Кыргызстан вакцинаны кандай негизде тандап алышы керек экендиги туурасында ой-пикирин билдирди.

Айбар Султангазиевдин айтымында, биринчи этапта 1 млн 200 жаран Covid-19 га каршы эмделиши керек болчу. Алардын катарын медицина кызматкерлери, милиция кызматкерлери, аэропортто иштегендер, өнөкөт оорулары бар адамдар түзөт. Бирок, алардын баары “pfizer” вакцинасы менен эмделбейт.

Жок дегенде 5 млн адам коронавируска каршы эмделиши керек.

Маалымат боюнча, Эл аралык Covax программасынын алкагында Кыргызстанга «Pfizer» компаниясынын он беш миң эле дозасы келмек экен. Аны сактоочу муздаткычты алуу үчүн 2 млн доллар кетириш керек болчу. Бирок, анча акчаны кетире албай тургандыгын Эльвира Сурабалдиева айтып өттү.

Мисалы, Спутник V вакцинасын Россия клиникалык изилдөөлөрдү толук бүтпөстөн шашылыш түрдө ишке киргизди. Мындан улам, азырынча адамдын өмүрүнө кандай коркунуч алып келе тургандыгы туурасында маалымат жок. Бирок, баасы боюнча башка вакциналарга салыштырмалуу Спутник V вакцинасы эң арзан. Анын үстүнө бул вакцинаны сактоо үчүн бизде керектүү делген муздаткычтар бар экендигин Саламаттык сактоо министрлиги айтып атат. Ошол себептен алар Спутник вакцинасына ыктап атышат.

Кененирээк видеодо:


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты