​Роза Айтматованын «Атам жөнүндө» китебинин бет ачары болду

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан басмадан чыгарылган Роза Айтматованын «Атам жөнүндө»аттуу эскерүү китебинин бетачары болуп өттү. Бул китеп Кыргызпатент тарабынан 2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган.

Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева билдирди.

Кыргызпатент Роза Айтматова менен Асан Ахматовдун “Каткелди” (“Маленький почтальон”) деген китебин мамлекеттик жана расмий тилде чоң нускада (1000 даана) басмадан чыгарган.

2020-жылдын ноябрь айында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата коомдук ишмер Роза Айтматованын “Атам жөнүндө” (“Мой отец как государственный деятель”) деген эскерүү китеби кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана республиканын өнөр жайын түптөп, ХХ кылымдын 30-жылдары респрессияланган мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун өмүрүнө жана ишмердигине арналган. Өз алдынчалуулугун көрсөтүп, эл кызыкчылыгында саясат жүргүзгөндүгү үчүн ал өмүрүн берген.

Роза Төрөкуловна Төрөкул Айтматовдун архив документтерин, үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн, өзүнүн эскерүүлөрүн кынаптап чогултуп, ушул китепте берген.

Бул китеп окурмандарга тарыхый булак катары дагы баалуулукка ээ, анткени китепте берилген документтердин көбү илимий жүгүртүүгө алгачкы ирет киргизилиши мүмкүн.

Ошону менен катар жогоруда аталган китептердин жалпыланган версиясы болгон Асан Ахматов жана Роза Айтматованын “Ата Бейит” аталышындагы китебинин бетачарына катышуучулар күбө болду. Белгилүү инсандар тарабынан тарыхый негиздеги чыгармага өзгөчө баа берилип, каалоо тилектер жана ыраазычылыктар айтылды.

Иш-чара Айтматовдун үй-бүлөсүнүн, илимий жана чыгармачыл интеллигенция Кыргызпатенттин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Сүрөттөр: Кыргызпатент басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты