Pfizer VS Спутник-V: Кыргызстан кайсы вакцинаны тандайт?

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев америкалык Pfizer вакцинасын Кыргызстан ала албай тургандыгын айткан. Ошол эле убакта кыргыз өкмөтү тарабынан орусиялык Спутник-V вакцинасын алууга сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Бекер берсе Африкадан деле алып келүүгө даярмын

Кыргызстан вакцинация жана иммунизация боюнча глобалдык GAVI альянстын алкагында COVAX программасына катышат. Глобалдык альянс Кыргызстанга Pfizer вакцинасын сунуштаган. Саламаттыкты сактоо министри Pfizer вакцинасын ала албай турганыбызды айтты:

Бизге 1млн 200миң доза бекер келмек. Аларды алып келүү, сактоо үчүн -70 градус температураны сактаган атайын муздаткычтар керек. Бирок бизде андай шарттар каралаган муздаткычтар жок. Андай холодильниктин ар бири 4 миң доллар турат. Pfizer вакцинасы менен камсыз кылуу үчүн материалдарга 2 млн долларга жакын акча керектелет”, — деп айткан. Бюджетте болсо мынча каражат жок экендигин билдирген.

Ошондой эле орусиялык Спутник-V вакцинасын алуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган. Министр орусиялык вакциналар -2ден -18 градуска чейин сакталарын, ал эми бизде мындай муздаткычтар бар экендигин айткан.

COVAX программасында вакцинанын 8 түрү бар. Эгер -20 градуста сактала турган башка вакциналар болсо, анда муздаткычтарды азыраак сатып алынарын жана каржы министрлигине эсептөөлөр берилерин министрлик кабарлады:

Эгер акча бөлүнсө Pfizerди сатып алабыз. Эгер акча бөлүнбөй калса MODERNA же башка вакцина сатып алабыз. -18 градуска чейин сактай турган 29 муздаткыч бар. Бул биздин өлкөгө жетпейт. Вакцинанын берилгенине жараша муздаткычтарды орнотобуз. Эгер аз өлчөмдө берилсе Ош менен Бишкекке эле коюлат. 1млн 200миң келсе ар бир районго коюлат. Бизэл аралык донорлорго да кайрылганбыз. Азыр ар кимден акча сурап жүрөм. Себеби элди вакцина эле сактап калат. Спутник-V ны да сурап кат жазганбыз. 500миң доза сурап. Ал вакцинанын кургак компоненттери бар. Аны сактоого бизде шарттар бар. Бул жакта эч кандай саясий оюн жок. Бекер берсе Африкадан деле алып келүүгө даярмын”,- деп бизге билдирди Алымкадыр Бейшеналиев.

Pfizer келгиче, Спутник-V менен элди эмдей берүүнү караштырып жатабыз

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан Саламаттыкты сактоо министрлигине 12-январда маалымат үчүн Pfizerдин документтери келип түшкөн. Документте вакцинаны -70 градус температурада сакталуусу керек экени айтылат.

Ошондой эле, Орусиялык вакциналар каралып жаткандыгы да белгилүү болду. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактикалык борбордун жетекчиси Ишенапысова Гүлбара билдирди:

MODERNA, Pfizer бизге июнь айында келет. Ага чейин социалдык, медициналык кызматкерлерди вакцина кылып баштай берели деп жатабыз. Спутник-V, -18 градуста сакталат. Бизде +2, +4 градустук муздаткычтар менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин 80%ы жабдылган. Кампада -15, -18 градуска чейинки температураны сактаган атайын муздаткычтар бар. Азыр дагы керектүү муздаткычтарды, вакциналанчу жарандарды эсептеп каржы министрлигине бергени жатабыз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, 1-этаптагы аярлуу катмардагы жарандар үчүн россиялык вакцинаны алууну караштырып жатабыз”,- деди Гүлбара Ишенапысова.

Такталбаган маалыматтар тараган

Twitter социалдык тармагында Pfizer вакцинасын бир айлык убакытка жөнөкөй муздаткычта сактоо болору жөнүндө колдонуучулар жазып чыгышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин брифингинде коомдук ден-соолукту сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова Pfizer вакцинасын алуу үчүн келген катта катуу шарттар каралганын айткан. Негизги шарт болуп -70 градусту сактоочу ультрамуздак чынжырчаны камсыз кылуу керек.

-70 градустук муздаткычтар канча турат?

Диам компаниясы 30 жылдан бери лабораторияларды жабдуулар менен алектенет. Компания илимий биологиялык, химиялык, медициналык, көзөмөлдөөчү, санитардык, фармацевтикалык тармактардын керектөөлөрү үчүн жабдууларды жеткирет. Компаниянын официалдуу сайтында атайын муздаткыч камераларын өндүргөн BINDER компаниясынын муздаткычтары жайгаштырылган. 289кг, көлөмү 700л болгон муздаткычтын баасы 15 429 евро. Доллар менен 18 737$ турат.

Башка маркалардын да мындай төмөн температуранын сактай алчу муздаткычтарын карап көрдүк.

















Спутник-V вакцинасы жөнүндө

Спутник V — учурдагы Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун (ДССУ) тизмесиндеги вакцинага талапкерлердин алдыңкы ондуктун катарына кирет. Азыр клиникалык сыноолору аяктап, массалык өндүрүш башталууда.

«Спутник-Vнын» клиникалык изилдөөсүнө 40 миң ыктыярчы катышкан.

Аталган вакцинанын клиникалык сыноолору БАЭде, Индияда, Венесуэлада жана Беларуста жарыяланды.

Спутник-V вакцинасынын эффективдүүлүгү клиникалык сыноолордун акыркы текшерүүндө 91,4% ды түзгөн. Ал эми вакцинасынын коронавирус инфекциясынын оор учурларына каршы эффективдүүлүгү 100% түзөт.

Россиянын Тике инвестициялык фонду өнөктөштөрү жана өндүрүүчүлөрү менен биргеликте вакциналардын өндүрүшүн ырааттуу көбөйтүп жатат.

50дөн ашык өлкөдөн 1,2 миллиард дозадан ашык Спутник-V вакцинасын сатып алууга арыз түшкөн.

Клиникалык сыноолор

Азыркы учурда Дүйцнөлүк саламаттыкты сактоо уюму изилдөөчүлөр менен бирге 20дан ашуун вакцинага байкоо жүргүзүп жатышат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун EUL / PQ баалоосунда вакциналардын тизмеси жарыяланган. Ал баалоо алты критерий аркылуу вакциналардын тизмесин чыгарат. Pfizer вакцинасы алдыңкы орунга чыгып, жыйынтыктоо стадиясына жеткен. Ал эми Спутник-V вакцинасы төрт критерийден өтө элек.

“Кыргызстан бардык тараптар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат”

Өлкөнүн вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева туура эмес маалымат тарап кетип, элдер эмнеге Pfizer ден баш тарттыңар деп жатышканын айтты:

Pfizerдин алдын ала 15миң кишиге жетчү 30 миңдей эле доза вакцинасы сунушталган. Бул жалпы калктын 0,25%ына жетмек. Кийин -70 градустук режимди талап кылбаган башка вакцина сунушталып калса, мындай аз көлөм үчүн 2млн долларга муздаткыч алган канчалык деңгээлде рационалдуу деп ойлондук. Андай муздаткычтар ар бир аймакка коюлушу керек болот. Ага кошулуп транспортировка маселеси да бар. Алар аэропортко таштап коет, аларды алып кетүүгө да атайын транспорт керек”, — деп билдирди Эльвира Сурабалдиева.

Аны менен бирге, вакциалардын арасында Кыргызстан үчүн ыңгайлуураак болгон кадимки муздаткычта сактай турган вакциналар чыгып жатканын белгиледи вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева:

Биз эмделчү адамдарды санап чыктык. Саламаттыкты сактоо системасында эле 80миңдей киши, мугалимдер 100миңдей, социалдык кызматкерлер дагы бар. Биз дароо 250 миң адамды эмдөөнү карап жатабыз. Азыр COVAX программасында альтернативдүү вакциналар да чыгып жатат. Андан сырткары, Орустар менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Себеби ал жактан бизге транспортировка оңой”, — деди.

Мындан сырткары, Pfizer башка мамлекеттер үчүн да ыңгайсыздык жаратып жатканына токтолгон вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева:

“Сырттан келген вакцинанын барын эле элибизге колдоно албайбыз. Pfizerдин эффективдүүлүгү жогору, бирок терс таасирин тийгизген учурлар да катталып жатканы белгилүү болуп жатат. Аллергиясы, астмасы барларга саюуга болбойт деп жатышат. Бул тараптан өкмөт кылдаттык менен иштеп жатат. Биз өз элибизде аларды сынай албайбыз”, — деп сөзүн жыйынтыктады Эльвира Сурабалдиева.

Вице-премьер-министрдин айтымында, вакцинацияны жарандар өз каалоосу менен алышат.

Вакциналардын таймашы болуп жатат

Ушул күнгө чейин бир дагы вакцинанын толук эффективдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча акыркы жыйынтык чыга элек. Анын канчалык деңгээлде өлүмдүн алдын ала тургандыгы изилдене элек. Деги эле вакцина бизге керекпи? Бул жөнүндө медициналык эксперт Бермет Барыктабасова буларга токтолду:

Азыр көңүл өндүрүмгө, таратууга, сактоого бурулуп жатат. Бирок, медициналык тарабы маанилүү болушу керек. Вакциналанган кишилердин канча пайызында антитело пайда болду. Ал организмде канча сакталат, бирай же жарым жылбы? Буга жооп жок”, — дейт Бермет Барыктабасова.

Ал эми орусиялык вакцина боюнча, анын субтратын берилерин, бирок аны өзүбүз даярдап куюп чыгарышыбыз керек экендигин белгиледи:

Биздин өлкөдөгү фармацевтикалык заводдор балким вакцинаны куюштуруп даярдай алуусу мүмкүн. Бирок ал иштерге да каражаттар керек да. Балким 3-4 млн керек болот. Себеби Россиянын Саламаттыкты сактоо министри транспантировканы, куюштуруп даярдоо ишин моюнуна ала албасын айтышкан”, — деди.

Спутник-Vны толук текшерүүдөн өтө элек деп сындап келишет. Спутник-V 3-фазадагы текшерүүдөн өтө элек экендигин, саясий көз караштар алдыга чыгып келе жатканына токтолгон Бермет айым:

Мурун өлкөлөр арасында куралдардын таймашы болгон сыяктуу, азыр вакциналардын таймашы болуп жатат. Гигант өлкөлөрдун ар бири көбүрөөк сатыш үчүн вакцина чыгарып жатат. Россия, Америка, Кытай да таасири чоң өлкөлөр. Бул вакцина азыр жөн гана товар. Азыр медициналык эмес, бизнес маселелери чечилип жатат”, — деди Бермет Барыктабасова.

Pfizer үчүн керектелген 2млн доллар жөнүндө Бермет Барыктабасова төмөндөгүлөрдү билдирди:

Биздин өлкө 2 млн долларды эффективсиз сасык тумоо вакцинасына жөн эле коротуп койбодубу. Изилденген вакцинага анан акча жок болуп калабы? Вакциналарды тизмектеп чыгып азыраак чыгымга алып келгенин тандашыбыз керек. Коронавируска каршы 700млн доллар бөлүнгөн. Вакцинага акча табылбай калмак беле?”,- деп айтты.

Эске сала кетсек, COVAX программасы дүйнөнүн 172 өлкөсү үчүн вакцинага жетүүдө бирдей шарттарды түзө турчу программа. Бул программа ГАВИ альянсы тарабынан түзүлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты