Жогорку Кеңеш тышкы миграция боюнча мыйзам долбоорун кайра кайтарды

  • 3 года мурун

20-январдагы Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар өкмөт тарабынан демилгеленген “Тышкы миграция тууралуу” мыйзам долбоорун карап, аны кайра иштеп чыгууга кайтарды.

Депутаттар талкуу учурунда легалдуу эмес миграция боюнча күрөшүү чараларын кабыл алууну белгилешти.

Ички иштер министринин өкүлү Октябрь Урмамбетов өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүктөр тарабынан 21,6 миң мыйзам бузуу катталганын билдирди.

Депутат Чынара Урумкалиева этникалык кыргыздардын “Кайрылман” статусун алууга шарт түзүү керектигин айтты.

-1000 сомдун жоктугунан «кайрылман» статусун ала албай жатса, силер аларга 3000 сомдук айып пул салып жатасыңар. Андан тышкары, ал статусту алыш үчүн алар каттоого да турушу керек. Бирок эч ким аларды өз үйүнө каттатпайт экен. Тескерисинче тиешелүү мыйзамдарга ылайык өкмөт аларды каттоого тургузушу керек болчу. Андыктан мыйзам долбоорун кайрадан экинчи окууга кайтарып, айып пулдардын көлөмүн азайтуу маселесин кароо зарыл, — деди депутат Урумкалиева.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты