​Түркмөнстан Борбор Азияда алгачкылардан болуп «Спутник V» вакцинасын каттады

  • 3 года мурун

Түркмөнстандын саламаттык сактоо министрлиги 18-январда Орусия өндүргөн «Спутник V» вакцинасын каттоого алып, тиешелүү сертификат тапшырды.

Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын Түз инвестициялар фонду кабарлады.

Маалыматка караганда, вакцина Түркмөнстанда кошумча клиникалык сыноолорсуз эле чукул колдонуу үчүн жактырылды.

Буга чейин «Спутник V» вакцинасы Алжирде, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Палестинада, Венесуэлада жана Парагвайда чукул колдонуу үчүн каттоого алынган.

Түркмөнстан — COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.

Былтыр августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөдө пневмониядан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, расмий Ашхабадга коронавирусту аныктачу тестирлөөнү өткөрүүнү сунуш кылган.

Буга чейин Түркмөнстандын бийлиги башка себептерди шылтоо кылып, жарандар үчүн бир катар чектөөлөрдү, анын ичинде беткап режимин киргизген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты