​БШК: Референдум жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу, апрелде өтүшү мүмкүн

  • 3 года мурун

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Руслан Изреков 19-январда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу өткөрүү маселеси талкууланып жатат, бирок азырынча бир чечим чыга элек:

«Экөө чогуу өтүшү мүмкүн. Негизи, ошондой сөз бар. Сунуштар айтылган. Азыр так кесе мынчанчы күнү болот деп айта албайбыз. Шайлоонун жыйынтыгы ушул аптада жарыяланат. Ошого жараша чечим кабыл алынат. Болжолдуу түрдө апрелде өтөрүн божомолдоп жатабыз» деди Изреков.

Былтыр октябрь окуяларынан кийинки бийлик алмашууга байланыштуу 10-январда кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум чогуу өткөн.

Конституциялык кеңешменин маалыматына караганда, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо уланууда. Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын 11-декабрда кабарланган. Кеңешме долбоордун акыркы вариантын Жогорку Кеңешке берсе, ал өз кезегинде долбоорду референдумга алып чыгуу демилгесин коюшу мүмкүн.

Ал эми 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген Ош, Токмок, Балыкчы,Каракол, Майлы-Суу шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо пандемияга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылып калган.

БШКнын баштапкы маалыматына караганда, 10-январдагы президенттик шайлоо менен чогуу өткөн референдумда добуш бергендердин 80% ашыгы президенттик башкаруу формасын колдоду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты