​Маданият министрлиги Каримованы директор дайындоо талашы боюнча сотко кайрылды

  • 3 года мурун

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык мектепке Самара Каримованын директор болуп дайындалышы коомчулукта чуу жараткан маселе боюнча 15-январда сотко кайрылды.

Министрлик Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен макул эместигин билдирди.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө Биринчи Май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бузулушуна жол бергендиги белгиленет:

  • Министрликтин атынан сотко бир катар процесстик аракеттерди жасоого ыйгарым укугу жок өкүл катышкан.

Ошондой эле сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган мурдагы министр тарабынан берилген.

2020-жылдын 14-октябрында Нуржигит Кадырбеков министр болуп дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу. Жарандык кодекстин 203-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, юридикалык жактын атынан ишеним кат анын жетекчиси же уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кол коюлуп, ошол уюмдун мөөрү басылышы керек.

  • Доогер Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, башкача айтканда, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин, кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, кызматкер жумуштан бошотуу жөнүндө буйрук менен таанышкан күндөн тартып же эмгек китепчеси чыккан күндөн тартып 2 айдын ичинде жеке эмгек талаш-тартыштарын кароо үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Башкача айтканда, доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.

Белгилей кетсек, эми апелляциялык арызды кароо Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык сотунда жүргүзүлөт.

Ошондой эле бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

Самара Каримова 18-январда кечинде Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдагы директордун кабинетине кирип, эшиктин кулпусун алмаштырып койгон.

Ырчы Каримова Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына директор катары ишке киришкенин ЖМКга билдирген.

Самара Каримова 2018-жылы октябрь айында Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын директору болуп дайындалганы маалымдалган.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 2018-жылы 1-ноябрда Самара Каримованы Оштогу Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындаган буйрукту жокко чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты