​Коронавируска каршы вакцина алгандардын баары өлөт деген маалыматты текшерип көрдүк (Фактчекинг)

Социалдык тармактарда, италиялык доктор Роберто Петрелланын Covid-19 вирусу калктын 80%дан ашыгын жок кылууга багытталган «массалык түрдө өлтүрүү программасы» деп айткан видеосу тараган. Петрелла, Covid-19 илдетине каршы жасалып жаткан вакцина адамдын организминдеги түрдүү ооруларды козгоо менен бирге өлүмгө алып келээрин жана эмдөөнү таптакыр жасатпоо керектигин айткан.

Белгилей кетсек, италиялык 72 жаштагы дарыгер, Роберто Петрелла көп жылдардан бери “гинеколог” болуп иштеген. Италияда “анти-вакциналык” көз карашы менен белгилүү болгон жана 2019-жылдын июнь айында,“папилломавирусуна” каршы эмдөөнүн натыйжасыздыгы жөнүндө илимий жана негизсиз билдирүүлөрү үчүн Терамо дарыгерлер орденинен чыгарылган.

ПолитКлиника медиасы, Роберто Петрелла айткан маалыматтарды текшерип көрдү.

Вакциналар 90%дан ашуун эффективдүүлүгүн көрсөткөн

Коронавирус пандемиясы, дүйнө жүзүнө жайыла баштагандан тартып, бир катар өлкөлөрдө, бул илдетке каршы вакцина иштеп чыгуу жолдору изилдене баштаган. Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 12-ноябрына чейин, 52 изилдөө борборунун сунуштаган вакциналарга “клиникалык изилдөө” жүргүзүүгө уруксат берилген.

Азыркы тапта, коронавирус пандемиясына каршы, 3 вакцина 90%дан ашык эффективдүү деп табылып, дүйнө жүзүндө кеңири колдонулуп жатат.

Алардын бири, Россиянын Н.Ф.Гамалея атындагы Улуттук Эпидемиология жана Микробиология Илимий борборунун окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан “Sputnik V” вакцинасы. Sputnik V вакцинасы 2020-жылдын август айында, он миңдеген адамдар катышкан клиникалык сыноолодон кийин колдонула баштаган.

Изилдөөлөргө ылайык, “Sputnik V” вакцинасынын эффективдүүлүгү изилдөөнүн биринчи этабында 92%, ал эми 2-этабында 91,4% деп белгиленип, вакцина алгандардын 20сына гана таасир бербегени белгилүү болгон.

Азыркы учурда Sputnik V вакцинасы, Россияда гана эмес, Беларуссия, Бириккен Араб Эмираттарын,Бразилия, Индия жана Аргентинада колдонулуп жатат.

Германиянын BioNTech борбору америкалык Pfizer компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан BNT162b2 вакцинасы клиникалык изилдөө учурунда, 43 миң 998 кишиге колдонулуп коронавирустук инфекцияга каршы, 95%га эффективдүү экени белгилүү болгон. Башкача айтканда, эмдөөдөн өткөн ар бир 100 адамдын 95инде туруктуу иммунитет пайда болуп, вирус жуктуруу коркунучу болжол менен 20 эсеге азая турганы белгилүү болгон.

Ал эми, Америкада иштелип чыккан “Moderna” препараты да клиникалык изилдөө этабында 94,50%дык эффективдүүлүгүн көрсөткөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга Prifizer вакцинасын май-июнь айланырда алып келүү пландалууда.

Вакцинанын терс таасирлери

Видеодо, Роберто Петрелла Covid-19га каршы эмдөөдөн кийин, адамдардын организминде ар кандай ооруулар козголуп, өлүмгө дуушар кылаарын белгилеген.

Бирок, Американын тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо департаменти, бул вакциналардын жагымсыз, бирок зыяндуу эмес терс таасирлери бар экендигин далилдешкен.

Ага ылайык, “Prifizer” вакцинаcынын клиникалык сыноолорунун катышуучулары коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин, 4.5%ы баш оорууга даттанышса, 9,7%ында чарчоо, 8,9%ы — булчуң оорусу, ал эми 4,1%ы ийне сайган жеринде ооруу пайда болгонун белгилешкен.

Аталган жагдай, Россиялык “Sputnik V” вакцинасын алгандарда да байкалып, негизги симптомдор катары температуранын 38 градуска чейин көтөрүлүшү, кээде баш оору, булчуңдардын ооруусу, ийне сайылып жаткан жердин кызарып кетиши сыяктуу белгилер байкалган.

Коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлгөндөн кийин жогорудагы симптомдордун пайда болушу кадимки көрүнүш экенин, Германиядагы «Пол Эрлих изилдөө институтунун башчысы, Клаус Цихутек билдирген:

“Азырынча коронавируска каршы вакциналардын реактивдүүлүгү боюнча башка вакциналардыкына эле окшош жана өтө зыяндуу жагдайлар байкалган эмес. Ошондой эле “Prifizer” жана “Moderna” вакциналарынын натыйжалуулугу 90 пайыздан, жада калса кары-картаңдардын арасында да бул 80 пайыздан ашат. Менин оюмча, бизде бардык талапка ылайык стандарттарда иштелип чыккан жана сыноодон өткөн эки мыкты сертификацияланган вакцина бар. Демек, учурда абал абдан жакшы нукка түштү.-деп билдирген.

Белгилей кетчү жагдай, Норвегияда коронавируска каршы эмдөө 42 миң кишинин арасында жүргүзүлүп, алардын ичинен 23 киши каза болгон. Норвегия Изилдөө институтунун маалыматына ылайык, бардык катталган өлүмдөр олуттуу оорулары бар жана улгайган адамдардын арасында, болгону аныкталган бирок, ал түздөн-түз Covid-19 га каршы эмдөөдөн кийин болгону далилденген эмес.

Ал эми, Американын тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо департаменти Covid-19 илдетине каршы, колдонулуп жаткан вакциналарды өнөкөт аллергиялык ооруусу барларга колдонуу сунушталбайт деп көрсөтмө берген.

Жыйынтык, Covid-19 илдетине каршы эмдөө алгандардын арасында каза болгондор бар бирок ал түздөн түз эмдөө менен байланыштуу экени далилдене элек. Ошондуктан, вакцина алгандардын баары каза болот деген сөз чындыкка дал келбейт. Мындан сырткары, вакциналардын 90%дан ашык адамда позитивдүү натыйжасы байкалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты