​Үсөнбаев: Эпидемиялогиялык чыңалуу дагы эле байкалууда

  • 3 года мурун

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдө учурда эпидемиологиялык абалда чыңалуу дагы эле байкалып, жаңы мутация болгон вирустун алдын-алуу чаралалы жүрүп жатканын маалымат жыйынында билдирди.

-Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абалга токтолсок, чыңалуу дагы деле байкалууда. Эл арасында вирус жүрүп жаткандыгы белгилүү. Андыктан биз эпидемилогиялык байкоо жүргүзүп, байланышта болгон адамдарды таап, изоляцияга, үй шартында медициналык көзөмөлгө алып жатабыз. Мындан улам, беткап режими, социалдык аралыкты сактоо жана башка санитардык эрежелер актуалдуу бойдон калууда”, деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Үсөнбаевдин айтымында, коронавирустун жаңы штаммы Англия, Австралия жана башка мамлекеттерде чыгып жатканы белгилүү. Ошондой эле мутация болгон вирустар табылып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Россияда 1500гө жакын мутация болгон учурлар аныкталып, изилдөөлөр жүргүзүлүлүп жатат.

Жаңы мутация болгон вирусту өлкөгө киргизбөө аракети көрүлүүдө. Айта кетсек, чек арада, өтмөктөрдө санитардык-карантиндик пункттардын иши күчөтүлүп: дене табы өлчөнүп, маалымат алынууда. Мындан сырткары, жаңы алгоритм иштелип чыккан. Ага ылайык, биздин өлкөгө келген жарандарда, жарандыгына карабастан ПЦР изилдөөнүн терс жыйынтыгы тууралуу маалымкат болушу шарт.

-Штаттык режимде окуп жаткан мектептер бар. Ата-энелерге балдардын ден соолугун жакшы карап, мектепте баратканда жана келгенден кийин дене табына, табитине убагында көңүл бөлүүгө чакырам. Эгерде мектеп окуучулары арасында оору катталбай турган болсо, мектептер толугу менен оффлайн режиминде окуй баштайт, — деп белгиледи саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 83268 кишиге жетти.19-январга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 90 учуру катталды.

Сүрөт: gov.kg

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты