БШК шайлоо жыйынтыктарын 24-январдан кечиктирбей аныктайт

  • 3 года мурун

Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 34, 35-беренелерине ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну аяктап калды.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

17-январга карата 54 аймактык шайлоо комиссиясы протоколдорун тапшырды.

7 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп таанылды жана жокко чыгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо – добуш берүү күнүнөн тартып 15 календардык күндөн б.а. 2021-жылдын 24-январынан (кошо алганда) кечиктирбестен) шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты