​Балбак Түлөбаев: “Транспорт акысын чечүү үчүн бизге убакыт керек”

Бишкек шаарында айрым маршруттук таксинин айдоочулары иш таштаарын билдирген. Бүгүн алардын айрымдары ишке чыгышкан жок. Маршруттук такси айдоочулары транспорт акысын 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылууда. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев транспорт акысын чечүү үчүн убакыт керек экенин билдирип, шаардыктарга, жеке транспорт айдоочуларына кайрылды.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардыктарга, маршруттук унаанын айдоочуларына мындайча кайрылды:

-Биз силердин көйгөйүңөрдү билебиз. 7 жылдан бери тарифти көтөргөн эмеспиз. Силер менен сүйлөшүүлүр жүрүп жаткан. Бирок маршруттук таксилер бардык линиялардан толук чыкпай жатат деген маалымат келип жатат. Силердин абалыңарды түшүнүп кабыл алып жатабыз. Силер да элдин, өлкөдөгү, шаардагы абалды түшүнүү менен кабыл алыңыздар. Пандемия, кризис, элдик толкундоолор болду. Сиздер өткөндө айткандагыдай, тарифти азыр эле көтөрүп бергиле дегениңер да туура эмес. Өзүнүн процедурасы бар, биз аны экономика министрлигине жиберип, анализи чыгарылат, андан кийин аны шаардык кеңешке киргизебиз.

Биз тарифти элдин абалына жараша, эл менен сүйлөшүп көтөрүп берүүгө даярбыз. Бирок ал үчүн бизге убакыт керек .Бери дегенде 1—1, 5 ай экономика министрлигинен анализ, андан кийин шаардык кенешке киргизебиз, май айына чейин чечүүгө аракет кылабыз.

Силерди линияга силерди чыгууга чакырам. Эгер ишке чыкпасаңыздар, анда анда айла жок, башка маршруттук линияге уруксат берүүгө туура келет, — деди Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты