​Мөөнөтү өткөн тамак-аш азыктарын сатууну уюштургандар кармалды

  • 3 года мурун

Ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш продукциясын калкка жайылтуу боюнча коррупциялык схеманын бети ачылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Тергөө тарабынан, Бишкек шаарынын компанияларынын жетекчилери жана кызматкерлери айрым мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен бирге укук коргоо жана фискалдык органдардын айрым кызмат адамдарын колдоосуна таянып пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш продуктуларын жайылтуу боюнча коррупциялык байланыш уюштурган. Алар Бишкек шаарынын полиграфиялык борборлорунун биринде продукталарды даярдоонун датасын жана жарактуулук мөөнөтүнүн этикеткаларын жасалмаап, соода

тармактар аркылуу калкка жайылтышкандыгы аныкталган.

Тинтүү учурунда коммерциялык компаниялардын офистеринде жана кампа жайларында мөөнөтү өтүп кеткен ири көлөмдөгү продукциялар табылган. Товарлардын жарактуулук мөөнөтүн даярдоо боюнча жабдуулар жана алар менен бирге жасалма этикеткалар табылган.

14.-январда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмышка шектүү катары Бишкек шаарындагы компаниянын жооптуу эки кызматкери кармалган жана Бишкек шаардык ИИБ убактылуу камоо жайына киргизилген.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты