​Өмүрбек Текебаев: «Жээнбеков бир эмес, үч жолу сессия уюштуруп бердим деди» (Видео)

  • 3 года мурун

Айтылуу саясатчы “Ата Мекен” партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаев жакында “Супер ТВ” каналына интервьюсу жарыяланды. Анда Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбеков ага Садыр Жапаровду премьер көрсөтүү учурунда бир эмес, үч жолу Жогорку Кеңеш сессиясын уюштуруп бергенин, ошол кезде Атамбаев аянттагы элге чыгып сүйлөгөндө, андагы элдин жарымынын көбү Сооронбай Жээнбековдун кишиси болгонун айтканын билдирди.

-Сооронбай Жээнбеков мага өзү айтты, (кудай деген киши, танып кетпесе керек),Өмүрбек, мен сени чакырдым эле, келбей койдуң деди.

Бешинде эртең менен бирөө келип, Сооронбай Жээнбековго жолуктум, мен “Өмүрбекке ишенем, келсин, сүйлөшөлү” деди деп мага айткан. Мен барбайм, аны менен сүйлөшпөйм дедим.

Анан ал айтты, сен келбедиң, Бабановуң болсо, Атамбаевге чуркап кетти, мен эмне кылышым керек эле деди. Мен сөзүмдү уккан депутаттарды жыйнап, өзүмдүн үкам Асылбек менен анын досу Зулпукаровдун тилкатын алып, ошол жерде сессия уюштуруп бердим. Бир эмес, үч жолу сессияны мен жыйнап бердим. Тогузунда Атамбаев түшүп келип жатканда ушул элдин жарымынан көбү менин адамдарым болчу деп айтты.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктаган.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берген.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты