“Ералаштын” көркөм жетекчиси Борис Грачевский дүйнөдөн өттү

“Ералаш” аттуу балдардын юморлуу кино журналынын көркөм жетекчиси, Россия искусствосуна эмгек сиирген ишмер Борис Грачевский 14-январда 72 жашында дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу РИА-Новости агенттиги билдирди.

Борис Грачевский декабрдын аягында коронавирус жуктуруп, оор абалда ооруканага жаткырылган.

Грачевскийдин кесиптеши Леонид Ярмольник кыйын кезеңде да “Ералаш” киножурналы жабылып калбай, өз ишин улантып келгени тууралуу агенттикке айтып берген.

Ал эми актриса Елена Драпеко Грачевский менен бир доор кошо кеткенин билдирген.

Актриса Клара Новикова РЕН ТВга мыкты дос, жолдош, режиссер кеткенин, ал оору-сыркоо кезинде да эч убакта кайгырбаганын, дайыма шайыр жүрө турганын, анын киножурналында тартылганын терең кайгыруу менен эстеди.

Артист Станислав Садальский Грачевскийдин коронавирус болуп ооруп жатканда да, оптимисттик маанайда болгонун, Максим Галкин Грачевский балалыктын бир бөлүгү болуп калганын, продюсер Иосиф Пригожин бул дүйнөдөн мыктылар кетип жатканын баса белгилеген.

Борис Грачевский 1949-жылы 18-мартта Москва шаарында туулган.

Борис Грачевский 1974-жылы драматург Александр Хмелик менен бирге балдардын “Ералаш” аттуу юморлуу киножурналын уюштурган, анын директору жана көркөм жетекчиси болгон. Ошондон ушул күнгө чейин ал киножурнал кыpыкnуу, юморлуу берүү болуп келе жатат. <алдарга арналган юморлуу “Ералаш” берүүсү улуу кишилердин да кызыгуусун туудуруп келет.

Борис Грачевский бир катар фильмдерде роль ойногон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты