​Ош-Исфана-Бишкек аба каттамы калыбына келтирилди

  • 3 года мурун

18-январда Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачылат. Авиакаттамдарды “Tez Jet” авиакомпаниясы аткарат.

Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Авиакомпания ар жуманын дүйшөмбү күнү учуп, учуу узактыгы 1 саат 15 мүнөт түзөт.

Бишкектен учуп кетүү — 11:00.

Исфанага учуп келүү — 12:15.

Исфанадан учуп кетүү — 13:05,

Бишкекке учуп келүү — 14: 20.

2020-жылы аэропортко мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Реконструкция долбоордун алкагында учуп-конуу тилкеге, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштери жүргүзүлдү. Заманбап атайын геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкенин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.

Мындан тышкары, 2019-жылы жалпы аянты 553 кв.м. болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар – каттоочу орундар,

Коронавирус пандемиясына байланыштуу аэропорттар 2020-жылдын 25-мартынан тартып, ички аба каттамы убактылуу токтотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты