ДССУ эксперттери коронавирусту иликтөөгө Уханга келишти

  • 3 года мурун

Кытайдын Ухань шаарына коронавирус жана анын келип чыгышы жөнүндө маалымат топтоо үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) ондогон эксперти келди.

Бул тууралуу ВВС кабарлады.

Буга чейин командага 12 өлкөнүн адистери кирери айтылган. Миссия өз ишин эки апталык карантинден кийин баштайт.

Эксперттер жергиликтүү окумуштуулар, дарыгерлер менен сүйлөшүп, жапайы жаныбарлар жана деңиз азыктары сатылган шаардык базардагы абалды талкуулашат. 2019-жылдын соңунда инфекция дал ушул жерден тараганы айтылган.

Январдын башында ДССУ миссиясынын өкүлдөрү Кытайга киргизилбей жатканына даттанышкан. Кийинчерээк Бээжин бул окуяны түшүнбөстүктүн жыйынтыгы деп сыпаттаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери Кытайга 2020-жылы да келип кетишкен. Миссиянын мүчөлөрү вирус кишиге жарганаттан жуккан болушу ыктымал деген бүтүмгө келген. Бирок инфекциянын булагы жөнүндөгү маселени ачык бойдон калтырышкан.

Бул арада ДССУ вирустун жугуу динамикасын эске алуу менен коронавирус пандемиясынын экинчи жылы биринчисине караганда алда канча оор болушу мүмкүн деп эсептейт.

Күн мурун ДСУУ бир аптада COVID-19 вирусун жуктургандар рекорддук деңгээлге жетип, бир күндө беш миллион кишиден инфекция аныкталганын билдирген. Эң биринчи кезекте оору Түндүк жана Түштүк Америкада көп катталууда.

Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча 90,33 миллион кишиден вирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери инфекциянын кесепетинен 1,95 миллион киши өмүр менен кош айтышты.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты