​2020-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө экономикасы 9 пайызга жакын төмөндөдү

Бүгүн, 14-январда, Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат-жыйын болуп өттү.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь-декабрь айларында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 598 миллиард сомдон ашып, 2019-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 8,6 пайызга төмөндөдү.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-декабрь айларында ИДПнын көлөмү 530 миллиард сомго жакындап, 9 пайызга азайды.

Ички дүң продукт

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата, пайыз менен.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-декабрында 319 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 6,6 пайызга төмөндөдү.

Буга күйүүчү майдын көлөмүнүн (59,3 пайыз) кыскарышы, текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдар (21,5 пайыз), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (13,2 пайыз), резина жана пластмассадан жасалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар (7,0 пайыз), азык-түлүк өндүрүү (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (6,6 пайыз), темир жана темирден жасалган буюмдар, (буга машина менен жабдуулар кирбейт (4,4 пайыз), ошондой эле жер астынан казылганбаалуу металлдардын (22,4 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизди.

Айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү – 15,9 пайызга жакын кыскарды, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 16,1 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,1 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-декабрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы жалпысынан 9,7 пайызды түздү. Мында тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар 17,6 пайызга өстү, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 6,7 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 3,0 пайызга өскөнү байкалды. Ал эми азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 2,4 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (11,8 пайыз). Буга тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалардын (23,5 пайыз) өскөнү таасирин берди.

Тышкы жана өз ара соода көлөмү төмөндөдү

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январь-декабрында 5,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 19,2 пайызга төмөндөдү. Ошол эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 1,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 27,3 пайызга кыскарды.

2020-жылдын январь-декабрында республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 14,1 пайызга азайган.

Мында экспорттук жөнөтүүлөр – 13,5 пайызга, импорттук келип түшүүлөр — 14,2 пайызга төмөндөдү. Республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,0 пайызы) жана Казакстанга (34,0 пайызы) туура келди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты