​Түркмөнстанда мекеме-ишкана кызматкерлери жана окуучулар кызыл мыянын ширесин алып жүрүүгө милдеттендирилди

  • 3 года мурун

Түркмөнстандын Лебап облусунда жергиликтүү бийлик бюджеттик мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлерди, окуучуларды кызыл мыянын тамырынан жазалган ширени (сироп) алып жүрүүгө милдеттендирди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, бул чөптүн маңызы ар бир мамлекеттик мекеменин кызматкеринин аптечкасында болушу керек. Ансыз кызматкерлер жумушка киргизилбейт.

Ушундай эле талап окуучуларга да тиешелүү. 18-январдан тартып ар бир окуучунун жанында кызыл мыянын тамырынын ширеси, антисептик, беш беткап, оксолин майы жана резина колкап болушу шарт. Ансыз мугалимдерге сөгүш жарыяланат, ата-энелер айып пулга жыгылышы ыктымал.

Декабрдын аягында Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов кызыл мыянын тамырынын пайдасы жөнүндө айтып, ал коронавирус менен күрөшүүдө эффективдүү болушу ыктымал экенин билдирген. Ал Илимдер академиясына бул чөптүн пайдасын терең изилдөөнү тапшырган.

Түркмөнстанда коронавирустун белгилери байкалган бейтаптардын саны көбөйүп, өлгөндөр катталып, өлкө боюнча чектөө чаралары киргизилгени менен расмий Ашхабад COVID-19 бар экенин расмий түрдө мойнуна ала элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты