Рысбай Абдыкадыровдун ырлары жайлоодогу таза абадай, мөлтүр суудай

Бүгүн, 12-январда, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында залкар композитор Рысбай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы белгиленип, анын чыгармалары боюнча концерт өттү.

Түгөлбай Казаков: Рысбайдын чыгармачылыгы жайлоодогу таза абадай, мөлтүр суудай…

Иш-чарада Кыргыз эл артисти, обончу-композитор Түгөлбай Казаков кыргызда өзгөчө эки өнөр ээси — Атай Огонбаев жана Рысбай Абдыкадыровдун ырлары калктын калың катмарына сиңгенин белгиледи.

-Эки залкар — Атай жана Рысбай Абдыкадыровдун ырлары калктын калың катмарына сиңди. Бир өкүнгөнүм Рысбай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетин гана аяктады, анда музыка мугалимин даярдайт. Бирок чоң чыгармачылыкты алып чыкты. Анын “Жүрөктү кеттиң жаралап”, “Издейм сени“, «Биз экөөбүз», “Сагындым тууган жер сени” … не деген керемет ырлар.

Эгер Рысбай Абдыкадыров Моцарт, Бетховен өтөкн мектептен өтүп калганда, аспаптык шумдук чыгармаларды жаратман. Ал кымындай билими менен өлбөс-өчпөс, чоң чыгармаларды жаратып кетти.

Теңир берген өнөрдү наристе оюнчугун аздектегендей, өнөр аспабын колуна кысып кетти, өнөрүнө көңүлкош мамиле жасабады. Чыгармачылыгына жашында кандай мамиле кылса, кийин да ошондой мамиле жасады. Бул биз үчүн үлгү болушу керек.

Рысбай Абдыкадыровдун чыгармачылыгы жайлоодогу күн тийген таза абадай, шыңгыраган мөлтүр суудай…

Атайбек Бөдөшев: Рысбай акенин новаторлук жагын айтышыбыз керек

Кыргыз эл артисти Атайбек Бөдөшев Рысбай Абдыкадыров обончуларга үлгү болуп шыктандырып келгенин, новаторлук жагын белгиледи:

-Рысбай акени бала кезимден билем. Алгач көргөнүмдө Рысбай аке “Түгөйүм” деген ырын ырдады, мен ал ырды уккан болчумун, автору «ушул киши» десе абдан таң калган болчумун.

Аксылыктар Рысбай акени каракулжалыктардан да катуу баалашчу. Чогуу ырдашып, чогуу жүрдүк. Бир ирет ооруканага жатып калыптыр, ооруканада эриктим деп калды. Ошондо Сумсар деген жайлоого чогуу бардык. Ышкын чыгып калган кез эле, обон созуп, өзүнчө майрам болду.

Ошондо “мен обончу эле эмес, акын дагымын” деп, 4-5 ырдын текстин берди. Анын арасынан “Мен айрылсам, сен да менден айрылдың” аттуу ырдын тексти бар эле. Бирок анын көзү тирүү кезинде, обон чыгара албай койдум. Бир ирет Рысбай аке түшүмө да кирди. Ошондо обон чыгарып жатам деп койдум, бирок обон жарата элек болчумун. Андан кийин обон жаралды. Чыгармачыл адамдар кээде чыгарма тез эле кантип жаралып каларын билишет. Мен да ал ырды тез эле жаратып койдум. Каныкейге көрсөтсөм, ал ырдап кирди.

“Мен айрылсам, сен да менден айрылдың” деген ыр ырдалган сайын, ар дайым Рысбай аке элестейт.

Рысбай акенин новатордук жагын айтып кетейин. Кыргыз искусствосуна ырда киришүүнү алып келди. Андан баштап ырдын киришүүсү мода болуп кетти. Азыр киришүү жазабыз. Ырлардын диапазонун эки октавага чейин чыгарып жиберди.

Мунун баары чыгармаларыбызга өбөлгө болду, Рысбай акедей болобуз деп обон чыгарып, аккордеон тартып калдык. Азыр жанр башкача, симфонияга тете чыгармага айланып кетти.

Каныкей Эралиева: Рысбай Абдыкадыровдун шакирти болгонума сыймыктанам

Кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева Рысбай Абдыкадыровдун шакирти болгонуна сыймыктанарын билдирип, кыргыз барда, залкардын чыгармалары ырдала берээрин белгиледи:

-Рысбай акенин шакирти болгонума абдан сыймыктанам. Менин ырдап, чыгарма жаратып калганыма Рысбай Абдыкадыровдун таасири бар. Чыгармачылык концерттерибизди уюштуруп берип жүрдү. Анын ырларын жаштар да ырдап жүрөт. Муундан-муунга жашап келе жатат. Кыргыз бар кезде, Рысбай агабыздын ыры ырдалып келет деп ойлойм, -деди Каныкей Эралиева.

«ПолитКлиника»/Айгүл Бакеева

Сүрөттө: Рысбай Абдыкадыров. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты