​“Популист, соттолгон, президент”. Дүйнөлүк ЖМКлар Президенттик шайлоо жөнүндө

Кечээ, 10-январда, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо үчүн Референдум болуп өттү. Бул окуяны дүйнөлүк массмедия кандай чагылдырганын сиздерге баяндап беребиз.

BBC: “Бул биздин Трамп”

Дал ушундай аталыш менен BBC Кыргызстандагы Президенттик шайлоонун жыйынтыктарын чагылдырган. Өзүнүн макаласында ВВС Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча алдыга чыккан Садыр Жапаровду Дональд Трампка салыштырылып жатканын белгилеген. Мындай аналогияны америкалык саячатчы менен кыргыз саясатчысынын ортосундагы окшоштуктардын негизинде америкалык эксперт жүргүзгөнү айтылат. Мындан сырткары, редакциянын материалында Садыр Жапаровдун саясий карьерасы, “Кумтөр”, 2010-жылдагы Садыр Жапаровдун аракеттери, анын тарапташтары жана Конституциялык реформа жөнүндө сөз кылган.

Ошондой эле, макалада эксперттердин Кыргызстандагы акыркы окуялар боюнча пикирлери чогулган. Вашингтондо жайгашкан Улуттук коргонуу университетинини профессору жана аналитиги Эрика Марат Кыргызстандагы шайлоону легитимдүү деп айтыш оор экендигин ВВСге билдирген:

“Бул шайлоону Конституциянын жана мыйзамдын процедураларына дал келбейт. Мөөнөтүнөн эрте шайлоо экенин эске алганда, бул кадам Жапаровдун жана анын тарапташтарынын аны мамлекет башчысы катары мыйзамдаштыруу аракетинин уландысы”, — деген Эрика Марат.

“Популист, соттолгон, президент”. Нью-Йорк Таймс өлкөдөгү шайлоо тууралуу

Президенттик шайлоонун жыйынтыгын чагылдыруусунда, Нью-Йорк Таймс болуп өткөн саясий кырдаалды эске салган жана 80%га жакын добуштарды алган Садыр Жапаров сентябрь айында абакта жаткандыгын белгилеген.

Америкалык басылма Кыргызстандагы Президенттик шайлоону баяндоосунда, Садыр Жапаровду Владимир Путин менен салыштырган. Макалада Садыр Жапаров өзүнүн ыйгарым укутарын кеңейтүүсү менен Путиндин жолун жолдогонун айтып, Курманбек Бакиев жөнүндө эске салган.

Нью-Йорк Таймс Москвадагы Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубновдун “Садыр Жапаровду популисттик фигура” деген пикирин көрсөткөн.

Муну менен бирге, макалада өлкөдөгү жакырчылык, кландык таймашуулар, түндүк-түштүк бөлүнүүлөр, Кытайдан келе турчу товарлардын контрабандалык жолдору жана Садыр Жапаровдун ички саясат, экономика жана Орусия жөнүндөгү билдирүүлөрү жазылган.

Аль-Жазира: Жапаров ишенимдүү жеңишке бара жатат

Катар мамлекетинде жайгашкан эл аралык телекомпания Кыргызстандагы шайлоодо экинчи тур болбоорун белгилеген. Аль-Жазира өз макаласында “улутчул саясатчы Садыр Жапаров ишенимдүү жеңишке бара жатат” дейт.

Ошондой эле, макалада Садыр Жапаров 2010-жылы Кумтөрдү улутташтырууну каалагандыгы үчүн түрмөгө отургандыгы, бирок ал бийлике келген соң, Кумтөрдү улутташтыруу негизги максаты эмес экендигин айтканы белгиленет.

Мындан сырткары, телекомпаниянын журналисти кыргыз экономикасы инвестицияларга муктаж экендигин айткан:

“Бул шайлоо карама-каршылыктар менен өттү, жеңиши дагы… Садыр Жапаров алдыңкы жылдары көп нерсени жасашы керек”, — деген телекомпаниянын журналисти.

“Түрмөдөн бошотулган 52-жаштагы саясатчы өлкөнүн Президенти болуусу күтүлүүдө”

“Аль-Арабия” телеканалы Садыр Жапаровдун Президенттик шайлоодогу жеңишин чагылдырууда “кландык тирешүүлөрдүн негизинде чыккан” 2005-2010-жылы болгон окуяларды эске салды. Бул телеканалдын маалыматында Садыр Жапаров шайлоонун негизинде Президент болуусу күтүлүүдө.

Телеканал Садыр Жапаровдун абактан чыккандыгын, убактылуу өлкө лидери болгондугун, талапкер катары катталганын жана Референдум өткөрүү жөнүндө талабы тууралуу жазган.

Мындан сырткары, телеканал Кыргызстандын экономикалык өнөктөштөрү, өлкө Москванын экономикалык жардамына муктаждыгын, Американын аба базасы тууралу жазган.

«Түркиянын “Анадолу” агенттиги шайлоодо 2474 участок ачылганын билдирген»

“Анадолу” агенттиги Садыр Жапаров абакта жаткан кезинде ата-энесин жана уулун жоготкондугу тууралуу билдирген. Ошондой эле, буга чейинки Президенттер Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаев менен болгон мамилелери жөнүндө да маалымат берген.

Түркия агенттиги Кыргыз Республикасында Президенттик шайлоо жана Референдум өткөндүгүн өз окурмандарына маалымдаган. Маалыматка ылайык, өлкөдө 2474 шайлоо участоктору ачылып, 3 млн 563 миң 574 шайлоочу катталган.

Мындан сырткары, агенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин арасынан фавориттерди белгилеген.

«Жапаровко Орусия жардам берет»

Deutsche Welle немис эл аралык коомдук телекомпаниясы Садыр Жапаровдун шайлоодо жеңишке жетүүсү боюнча комментарий алуу максатында Кыргызстандык политолог Марс Сариевке кайрылган. Марс Сариев, Deutsche Welle маалыматына ылайык, Москва бир канча талапкер менен иштешкендигин билдирген. Бирок, анын айтымында, Садыр Жапаров Фаворит болгон.

Мындан сырткары, Deutsche Welle`ге Марс Сариев Садыр Жапаров Президент болгондон кийин биринчи иш сапары менен Орусияга бара турганын жана Москва ага жардам берерин билдирген.

Эске сала кетсек, 10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо Референдуму өткөрүлдү. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышкан. Алдын ала жыйынтыктардын негизинде, Садыр Жапаров 79.25% менен алдыга оозуп чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты