​“Ракты дарылап жатып гепатит жугузуп алдык…” Кан аркылуу гепатит жугузгандардын саны көбөйүүдө

Баяндар

Эркинбектин кызы 4 жашка чыкканда “ак кан” дарты менен ооруп калган. 2017-жылдан тарта, Улуттук онкология борборунда дарылана баштап, бирок бир нече айдан кийин абалы оорлошуп кеткен. Кызынын башка дарт менен ооруп калганынан шектенген ата, анализ тапшырып, кызына С гепатити жугуп калганын билген:

Рак менен ооруп калгандарга өтө көп кан куюлгандыктан, башка оорууардын жугуп калуу коркунучу бар экен. Ошондуктан, кызымды Улуттук онкология борборуна жаткыруудан мурда, гепатит, ВИЧ сыяктуу ооруларга анализ тапшырганыбыз. Ошол убакта, анализдеринин баары таза чыккан болчу. Бирок, 5-6 ай ооруканада жаткандан кийин, өңү карарып, көздөрүнүн ичи саргайып, аябай өзгөрүүлөр байкалды. "Өзү рак менен алышып жаткан кызыма башка илдет жугуп калбады бекен" деген шектенүү менен анализ тапшырсак, Гепатит С нын эң оор түрү жугуп калыптыр”, - деди Эркинбек.

4 жашар кызынын залалдуу шишик дарты менен күрөшүп жатып, гепатит дартын жугузуп алганы Эркинбек үчүн чоң сокку болгон.

“Кызымда гепатит дарты аныкталгандан кийин, врачтарга кайрылсам “бул өтө деле коркунучтуу эмес, андан көрө ракты дарылаш керек” деп бизди жубатып коюшкан. Бирок, рак менен күрөшүп жаткан кичинекей организм үчүн, дагы бир “боордун клеткаларын өлтүрүүчү” илдеттин кошулганы абдан жаман болду. Анткени, бир жагынан рактын дарыларын, экинчи жагынан гепатиттин да дарыларын ичип жатат. Индияга дарылануу үчүн барганыбызда врачтар, эгерде кызым гепатит менен оорубаганда рактан батыраак айыга турганын айтышкан. Бул биз үчүн чоң сокку болду”, - деп билдирди.

Эркинбек мырза кызынын гепатитти кан куюу учурунда жугузуп алды деп эсептейт. Бирок далилдеп, күнөөлүүлөрдү таба алган эмес.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, гепатиттин инкубациялык мезгили 14 күндөн 180 күнгө чейин болгондуктан дарт аныкталганда да жуктуруп алуунун так күнүн билүү мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 10 миңден ашуун адам гепатит дарты менен ооруса, алардын 14,40%ын кан аркылуу жугузуп алгандар түзөт.

10 жыл ичинде 138 миңден ашуун адам гепатитке чалдыккан

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 10 жыл ичинде 138 миң 661 адам гепатиттин ар кандай түрүн жуктуруп алышкан.

Ал эми 2020-жылы башка жылдарга салыштырмалуу боор оорусуна чалдыккандардын саны бир топ аз катталган. Гепатит дарты менен жабыркаган адамдар, бул көрүнүштү коронавирус пандемиясынан улам, ал дарт менен ооругандарга көңүл бурулбай калгандыгы менен байланыштырышкан.



Ооругандардын 80%дан ашыгын 14 жашка чейинки балдар түзөт

Статистикалык маалыматка ылайык, Кыргызстанда гепатит жуктуруп алгандардын көпчүлүк бөлүгүн 14 жашка чейинки балдар түзөт. Мисалы, 2020-жылы бул дартка 4303 адам чалдыкса, алардын 3670 учуру балдар арасында катталган. Негизинен, катталгандардын көпчүлүк бөлүгүн гепатиттин А түрү же “сарык” менен ооругандар түзсө, жашоого коркунуч алып келе турган B жана С түрүн жуктуруп алгандар да кездешет.

Бул көрүнүш, өзгөчө рак менен ооруган наристелердин арасында көп байкалып, ушул дарттын айынан дүйнө менен эрте кош айтышкан учурлар катталган.






“Кызым кандан жуккан гепатиттен каза болду…”

Медер мырзанын кызы Фатима 6 жашка чыкканда “ак кан” диагнозу коюлган. Ал 2017-жылдан тартып, Улуттук онкология борборунда дарылана баштап, бирок бир нече айдан кийин гепатит С жукканы аныкталган:

“Кызым 6 жашка чыгып, жаңы мектепке бара баштаганда мурдунан кан агып, арыктап катуу ооруп калды. Ооруканага алып барсам “ак кан” деген диагноз коюлуп, ал ракка айланып кеткенин айтышты. Ошол убакта кызымды алып, Бишкектеги Улуттук онкология борборуна келип дарылана баштадык. Бир аз өзүнө келип, абалы жакшыра баштаганда кайра мурдагыдан да оорлошуп кетти. Кийин билсем Фатимага гепатиттин С түрү жугуп калыптыр”, - деди.

Орозалиев Медер, кызынын эки дарт менен күрөшө албай, бул дүйнө менен кош айтышканына кейийт.

“Ошол жылы, ансыз да араң турган кызымдын оорусуна дагы бири кошулуп эки дарт менен күрөшүп жатты. Акырында, врачтар колубуздан эч нерсе келбейт экен дешкенде, операция кылуу үчүн Индияга бардык. Бирок, операциядан кийин кызымды сактай алган жокпуз”, - деди.

Статистикалык маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл сайын гепатит илдетинен 20 га жакын киши көз жумат.


















“Жиптин учу барып эле Республикалык кан борборуна такалат…”

“Жашоо Булагы” кайрымдуулук уюму, көп жылдардан бери гепатит менен ооруган балдарга жардам көрсөтүп келет. Аталган уюмдун өкүлү Айзада Деркенбаева Кыргызстанда залалдуу шишик менен ооруган балдардын көбү гепатиттин С түрүн жуктуруп алганын айтат:

“Кыргызстанда гепатит маселеси абдан курч бойдон калууда. Мисалы, залалдуу шишик оорусу менен ооруп, дарылануу үчүн Индияга барган 90-95% балдардан гепатит дарты аныкталып, ошол жердеги врачтар “Силерде медицина ушунча алсызбы?" деп таң калышат. Биз кийин бул маселени изилдеп көрсөк, баары келип Республикалык кан борборуна такалды. Анткени, Республикалык кан борборунда ПЦР жабдуусу жана канды вирустардан арылткан инактиватору да жок экен”, - деди.

Бул маселени чечүү үчүн, Айзада Деркенбаева Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаевге, жабдууларды сатып берүү сунушун киргизгенин, бирок кан борборунан жооп ала албаганын билдирди.

Ошондой эле, Деркенбаева бул маселеге байланыштуу, мурдагы Саламаттык сактоо министири Космосбек Чолпонбаевге жана мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге да кат түрүндө кайрылып, бирок эч кандай натыйжага жетпегенин кошумчалады.

Жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбеген борборлор

Гепатит дартын жугузгандарга, Улуттук онкология борборунун тиешеси жок экенин аталган борбордун директору Эрнис Тилеков билдирди:

“Биз официалдуу түрдө 2 жылдан бери, онкология менен ооругандарга канды Республикалык кан борборунан сатып алабыз. Анткени, мындан 4-5 жыл мурун башка клиникалардан кан сатып алган учурда, гепатит жана башка оорууларды жугузуп алгандар катталып, ошондон кийин толугу менен Республикалык кан борборунан ала баштадык”, -деди.

Ошондой эле Тилеков, онкология менен ооругандарга абдан көп кан куюлгандыктан кээ бир учурларда оору жугуп калуу коркунучу бар экенин кошумчалады.

Кечигип алынган ПЦР аппараты

Кыргыз Республикасынын, 2007-жылы кабыл алынган “Донорлук боюнча” мыйзамдын 3-беренесине ылайык, кан алганда жана тапшырганда мамлекет коопсуздукту камсыз кылышы керек экени жазылган.

Бирок ВИЧ, герпес, сифилис, хламидиоз, гепатиттин бардык түрүнөн кене чакканга чейинки анализдер алынган ПЦР жабдуусу Кыргызстанга мындан 1 ай мурда алынып, бирок дагы деле орнотула элек. Бул тууралуу Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев билдирди:

“Мындан 1 ай мурда, ПЦР аппаратын демөөрчүлөрдүн жардамы менен сатып алдык, бирок ишке киргизе элекпиз. Ал эми, кан аркылуу гепатит илдетин жугузуп алдык дегендер менен бир нече ирет жолукканбыз. Бирок, алар чын эле кан куюу учурунда жуктуруп алганын далилдей алышкан эмес”,- деди.

Белгилей кетсек, кандын курамын деталдуу түрдө байкоого жана зыянсыздандырууга мүмкүндүк берүүчү ПЦР аппаратынын баасы 9 миллион сомго жакын. Бул аппарат Россия, Казакстан сыяктуу коңшу мамлекеттерде мындан 10 жыл мурда эле колдонула баштаган.

Гулиза Урустамбек кызы