Жапаров: Биз тарыхтан сабак алган адамдарбыз

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 10-январда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча жеңип чыккан чыккан Садыр Жапаров маалымат жыйынында суроолорго жооп берип, мамлекеттик иштерге дос-тууган жана башкаларды кийлигиштирбей турганын билдирди:

-Мурдагы президенттердин бирөө 15 жыл иштеди. Биринчи беш жарым жылдык ишин жакшы иштеди. Андан кийин айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн таасирине кирип кеткен. Экинчи президент да 2-3 жыл жакшы иштеп, андан кийин айлана-чөйрөсүндөгү жакын адамдарына башкартып жиберди. Андан кийинки президентибиз да жардамчыларына, айдоочуларына башкартып жиберген учурлар болгон. Бирок, менде андай катачылыктар болбойт. Анткени, биз тарыхтан сабак алган адамдарбыз. Кудай буйруса, мамлекетти канча жыл башкара турган болсом, ошончо жыл өзүм гана башкарам. Досторго, шопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм»,- деди Садыр Жапаров.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматына ылайык Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берүү саат 21.00 төмөнкүдөй болду:

  1. Жапаров Садыр – 79,18% добуш;
  2. Исаев Канатбек – 0,58% ;
  3. Арстанбек Мыктыбек – 1,68% ;
  4. Сооронкулова Клара — 0,99%;
  5. Ташов Имамидин – 1,19%;,
  6. Тагаев Рашид – 0%;
  7. Сегизбаев Абдил – 1,46%;
  8. Мадумаров Адахан – 6,70%;
  9. Касенов Аймен – 0,91% ;
  10. Кочкоров Улукбек – 0,68% ;
  11. Байгуттиев Женишбек – 0,09%;
  12. Абакиров Эльдар – 0,50%;,
  13. Асанов Курсан – 0,50%;
  14. Абдылдаев Арстанбек – 0,08%;
  15. Жээбеков Равшан – 0,19%;
  16. Калмаматов Бактыбек – 0,50%;
  17. Төлбаев Бабыржан – 2,35%;
  18. Иманалиев Каныбек – 0,18% добуш;
  19. Баарына каршы – 1,34% добуш

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча маалымат АЭУдан саат 21.00дө 96,44% алынган.

10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты