​Байкоочулар: Президенттик шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен өтүп жатат

“Жалпы иш” коомдук фонду өлкө боюнча 500 шайлоо участкасында добуш берүү процессине байкоону улантууда. Мындан тышкары, 58 мобилдик топ 250 шайлоо участкалардан тышкары кырдаалга көз салышты. Мобилдик топтор паракорчулукка, шайлоо күнү үгүт жүргүзүүгө, байкоочулардын укуктарын чектөөгө байланыштуу мыйзам бузууларды каттады.

250 шайлоо участоктордун 242 шайлоо участкасында байкоочулар кырдаалды тынч деп баалашты, ал эми бир шайлоо участкасында курч кырдаал түзүлдү, жети участокто жооп берүүгө кыйын болду. 29 участкада санитардык чаралардын сакталышына байланыштуу шайлоочулардын кезектери болгон. Үч жерде чымыр денелүү белгисиз адамдар жүргөнү байкалды.

Ошондой эле, мобилдик топтор паракорчулукка, шайлоо күнү үгүт жүргүзүүгө, байкоочулардын укуктарын чектөөгө байланыштуу мыйзам бузууларды каттады.

Добуш берүү процессинде саат 8: 00дөн 13: 00гө чейин 30 одоно мыйзам бузуу белгиленди: Анын ичинде:

● — 4 факт Участкалык шайлоо комиссисянынын (УШКнын) саат 07.00дөн кийин ачылгандыгын көрсөтөт:

● УШК 4047 Нарын облусу Нарын району;

● 7334 УШК Жайыл району;

● УШК 4065 Нарын облусу Нарын шаары.

● УШК 4026 Нарын облусу, Ат-Башын району;

● 7 факт бюллетендерди кайра саноо жок экендигин көрсөтүп турат:

● УШК 3015 Ысык-Көл облусу Балыкчы шаары.

● УШК 1114 Бишкек шаары Октябрь району;

● УШК 5439 Ош облусу Алай району;

● УШК 5119, Ош облусу, Алай району;

● УШК 2447 Жалал-Абад облусу Базар-Коргон району;

● УШК 4149 Нарын облусу Кочкор району.

7 факт УШКнын жыйыны болбогондугун көрсөтөт:

УШК 8019 Баткен облусу Лейлек району;

УШК 4016 Нарын облусу, Ат-Башы району.

5119 УШК Ош облусу, Алай району.

УШК 5467 Ош облусу Кара-Кулджа району;

УШК 4149 Нарын облусу Кочкор району;

7401 УШК, Чүй облусу, Аламүдүн району;

7171 УШК, Чүй облусу, Аламүдүн району.

2 факт байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузгандыгын көрсөтөт (жоюлган);

УШК 4116 Нарын облусу Жумгал району;

УШК 6051 Талас областы, Бакай-Ата району.

● 1 факт УШКнын ачылбагандыгын көрсөтөт:

● УШК 4026 Нарын району, Ат-Башы району;

1 факт УШКда ыйгарым укуктуу эмес адамдын бар экендигин көрсөтөт;

УШК 8019, Баткен облусу, Лейлек району.

— 1 факты добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу:

УШК 3140 Ысык-Көл облусу, Каракол шаары.

Байкоочуга карата коркутуу, кысым көрсөтүү коркунучу боюнча 1 факт:

УШК 5467 Ош облусу Кара-Кулжа району.

Паракорчулуктун 1 фактысы:

УШК 2057 Жалал-Абад облусу, Сузак району.

— Автоматтык башкаруу системасынын (АБС) бузулушунун 3 фактысы:

УШК 3252, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району;

7359 УШК, Чүй облусу, Жайыл району;

УШК 1019, Бишкек шаары, Ленин району.

— көчүрмө жабдуунун жоктугунун 1 фактысы:

УШК 3152 Ысык-Көл областы, Каракол шаары.

Бүгүн, 10-январда, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты