​БШК: Административдик ресурсту колдонуу боюнча 17 даттануу түштү

  • 3 года мурун

Президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумдун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар боюнча БШКга 61 кайрылуу түштү.

БШК мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаровдун айтымында, даттануулардын 13ү добуш сатып алууга, 17си административдик ресурсту колдонууга, жетөө үгүт жүргүзүүгө, экөө жапырт добуш берүүгө, экөө шайлоочулардын укугун бузууга, экөө бейбаштыкка байланыштуу. Дагы башка 12 кайрылуу бар.

Шайназаров жарандарга басым көрсөтүүгө эч кимдин акысы жоктугун белгиледи.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүү үчүн бардыгы 2 474шайлоо участогу ачылып, алардын ичине 48и чет өлкөлөрдө ачылган.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, Президентти кезексиз шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүү үчүн 3567138 бюллетень даярдалган.

Бүгүн өлкөдө саат 12:00 гө карата 330 609 шайлоочу же 9,28 пайызы добуш берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты