«​Клооптун» журналисттеринин телефондорун тартып алышты

  • 3 года мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Садовое айылында жайгашкан №7182 шайлоо участогунда милиция кызматкери жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү “Клооптун” эки журналистти Актилек Каримбеков жана Нурмат Мамабетовдун телефондорун тартып алышып, буга чейин тартылган сүрөт жана видеолорду өчүрүп салышкан. Бул тууралуу “Клооптун” атайын кабарчысы Дилде Шатанова билдирди.

Биздин эки журналисттин телефонун милиция кызматкерлери жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тартып алышты. Телефондун ичиндеги буга чейин тарткандарыбызды да өчүрүп салышты” — дейт Дилде Шатанова.

Азыркы учурда журналисттерди шайлоо участогуна киргизбей жатышканы маалым болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты