​Жапаров: Мага башка эч нерсе таба албай, “Кытайдын шпиону” деп жатышат

  • 3 года мурун

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров № 1053 шайлоо участогунан добуш берип чыккандан кийин айтылган сын-пикирлер тууралуу мындай деди:

«Мага башка эч нерсе таба албай, ойлоп тапкан фантазиялары ушул болуп жатат. Мага «жер саткан», «жеп-ичип койду» деген сыяктуу айыптоолорду тага албай, анан «Кытайдын шпиону», «Кытайдын жаранынын досу» деген сыяктуу чындыкка дал келбеген сөздөрдү байлап жатышат. Бирок эл мындай калптарга ишенбейт, азыр колуңардагы смартфон аркылуу бардык маалыматтарды таап алса болот. Мурункудай КТР же башка мамлекеттик телеканалдар аркылуу бир адамды жаманатты кылуу мүмкүн эмес. Жакын арада президент, өкмөт, депутаттар эл үчүн кандай иштеши керек экенин көрсөтөбүз».

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө, референдум дайындоо каралган.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты